ИРАН САУДИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР

325
0

Иран тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Марзия Афхам апталык маалымат жыйынында Иран мамлекети Саудия менен кызматташтууга даяр экендигин билдирди.

Марзия Афхам: “Иран өкмөтү Сауд Арабиясы менен кызматташууга даяр экендигин жарыя кылды жана жарыя кылууну улантат мындан кийин да улантат. Иран тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин бул жаатта Саудияга иш сапары менен барышы анык. А бирок, бүгүнкү күнгө чейин бул сапарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болбоду”, – деди.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Афхам эки мамлекет ортосундагы алакалар күчөшүнөн үмүттөнгөнүн билдирип: “Саудия менен Иранды бир-бирине байлап турган салттык алакалар өз жолу менен уланууда. Эки мамлекеттин элчилери аркылуу жаңы дипломатиялык кадамдар ташталышын жана дипломатиялык ишмердүүлүк жогорку даражага көтөрүлүшүн күтүп жатабыз”, – деп баса белгиледи.

Ал кошумчалап: “Иран жана Саудия региондогу маанилүү мамлекеттер болуп эсептелет. Региондогу проблемаларды чечүү үчүн Саудия менен жүргүзүлүп  жаткан сүйлөшүүлөрдүн артынан жаңы мухит пайда болот деп үмүттөнөбүз”, – деди.

Иран жакынкы жылдардан бери, айрыкча, Сирия ынкылабы башталгандан кийин Саудия менен алакасын жакшыртууга жана түрдүү проблемалар үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылып жатканы күзөтүлүүдө. Ирандын мурдагы президенти жана учурда мамлекеттик эксперттер кеңешинин төрагасы Акбар Хошимий Рафсанжанийдин – өзүнүн айтуусу боюнча – Тегеран жана Рияз ортосундагы алакаларын өнүктүрүү максатында Саудияга сапар кылышы анык.

Туркистон:

АКШнын көзөмөлү астындагы бул эки мамлекет абалдын өзгөрүшүнө карай тез-тез өзгөрүп турушат. Ирактагы кырдаал т.а. АКШнын Иракты үчкө бөлүп жиберүү планындагы кезектеги өзгөрүүлөр аларды жакындашууга мажбур кылууда. Маликинин бийликтен кетиши, Ирактын ички саясатында муътадилдикке өтүү мезгили келгенине ишара болду деген элек. Бул болсо, алгач Шиа жана Сунийлер ортосундагы жасалма пайда кылынган душмандыктардан пайдаланып болгондугунун, эми тескерисинче бул душмандыктарды жоготууда, же болбосо жок эле дегенде көзөмөл астында убактылуу тизгиндеп алуу аракеттери башталгандыгынын кабарын берет. Бул жараянда Иран менен Саудия мамлекеттеринин ролу өтө чоӊ. Алар Иракты бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү үчүн, региондор проблемаларын бири-бирине карата келишүүчүлүк негизинде чечип берүү менен, алардын ортосунда бири-биринен айырмалануучу мыйзам-эрежелерди ойлоп табышат. Натыйжада ар бир регион өз проблемаларынын чечимдерин көтөрүп чыгышат. Т.а. өз менталитети, улуту, мазхабы жана уруулардын таасири астында бири-бирине карама-каршы чечимдерди көтөрүп чыгышат. Бул болсо, элдик референдум менен чечилиши зарыл болгон бөлүнүүлөргө алып барат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here