МУСУЛМАНДАРДЫН АЛ-АКСА МЕЧИТИНЕ КИРИШИНЕ ЧЕКТӨӨ КОЮЛДУ

382
0

50 жашка чыга элек мусулмандардын жума намазын окуу үчүн Ал-Акса мечитине кирүүсүнө Израилдин баскынчы күчтөрү уруксат бербей койду.

Израиль өкмөтү тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, коомчулуктун тынчтыгына коркунуч туудура турган акциялар өткөрүлөт деген маалыматтар себептүү мусулмандардын Ал-Акса мечитине кириши үчүн кээ бир чектөөлөр киргизилген. “50 жашка жете элек мусулмандарды жума намазын окуу үчүн Ал-Акса мечитине кирүүсүнө уруксат берилбейт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ал-Акса мечитинин башчысы Нажих Бакират да Израиль күчтөрү тарабынан Ал-Акса мечитинин айланасында өтө көп сандагы коопсуздук тосмолору жайгаштырылгандыгын жана жаштардын мечитке киришине уруксат берилбей жаткандыгын билдирди.

Кабарларда айтылышынча, яхудийлер үчүн жылдын башталышы деп эсептелген “Рош ха-Шана” каникулу себептүү Израиль полициясы бир нече күндөн бери Ал-Акса мечитине кирип ибадат кылышы үчүн мусулмандардын жашына карай чектөө киргизген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here