ХАСАН РОУХАНИНИН БОРБОР АЗИЯГА САПАРЫ БАШТАЛДЫ

357
0

ИРНА маалымат агенттигининг кабар беришинче, Хасан Роухани бүгүн  Борбор Азияга болгон өзүнүн расмий сапарын баштады. Аны Ирандын Тышкы иштер министри  Мухаммад Жавад Зариф саясий катчы жардамчысы Хамид Абуталиб, президенттин маалымат катчысы Мухаммад Навахандиян  жана  президенттин атайын жардамчысы Хусайн Фаридун коштоп жүрөт.

Мындан тышкары, бул сапарда  жол жана шаар курулушу министри, айыл чарба жетекчилери, өнөржай, кен-байлык, соода, сооциалдык тармактарынын жетекчилери, билим берүү жана исламий өнүгүү жетекчилери, кол өнөрчүлөрдүн жетекчилери, Ирандын  борбордук банкынын жетекчиси жана башкалар да коштоп жүрүшөт.

Хасан Роухани алгач Казакстан мамлекетине барып, ал жерде Казакстан Сенат Мажлисинин төрагасы менен жолугушат.

Жолугушуу маалында эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү кээ бир документтерге кол коюлат. Экономика, өнөржай жана  ишкердик жаатында кызматташууга келишим түзүлөт.

Роухани андан кийин Тажикстандын борбору Душанбе шаарына келип, ал жерде өткөрүлүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынына катышат.

 Туркистон:

АКШ эл аралык саясатында өзүнө малай болгон жана малай болбогон мамлекеттерди да кызыкчылыктар үстүндө пайдалана алууда теӊдешсиз даражага жетти. Ал “Жибек жолу” долбоорун көтөрүп чыгып, ага Кытайдын кызыкчылыктарын негиз кылып, кудум ал үчүн күйүп-бышып жаткандай көрүндү. Бирок, максаты Кытай менен Россиянын ортосуна чагым салуу болчу. ТАПИ долбоорун көтөрүп чыкты. Максаты, Россия менен Индия ортосунда жарака пайда кылуу болду. АКШнын өзү болсо бул долбоорлор ишке ашып кеткен күндө да, жалаӊ гана стратегиялык кызыкчылыктарды көздөп келет. Т.а. Россиянын чыгыш тарапка кеӊейүү жолдоруна тоскоолдук кылуу максатын көздөгөн.

Ирандын Казакстан менен экономикалык алакалары жана ушул багыттагы Казакстан үчүн көрсөтүп коюлуучу кызыкчылыктар ага Евразиялык экономикалык уюмуна карата салыштыруу жана тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Экинчи тараптан Иран менен Россия ортосундагы жараканы кеӊейтет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here