АЙТ КҮНДӨРҮ КЫТАЙДЫН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮ ЭКИМИӉ МУСУЛМАНДЫ ЖАШЫРУУН ТҮРДӨ ӨЛТҮРҮШТҮ

264
0

Батыш мамлекеттеринде жашап жаткан Уйгур диаспорасынын жетекчилери Шинжаң вилаятында 28-июль күнү уйгур мусулмандарына карата массалык кыргын өткөрүлгөнү туурасында күмөнү бар экендигин айтып беришти.

Болжол менен мусулмандар үчүн мубарак болгон Орозо-Айтмайрамы болуп жаткан убакта Кытайдын күч түзүмдөрү тарабынан уйгур улутуна таандык болгон мусулмандар жашоочуүч айыл бомбаланган. Ошондон кийин бул кыргындан аман калгандарды дажок кылууүчүн атайын күчтөр жөнөтүлгөн. Булкыргындын натыйжасында эки миӊден ашуунуйгур мусулмандары курман болгон.

Батыштагы уйгур диаспорасынын жетекчиси Робия Кодир: “Radio Free Asia”га берген интервьюсунда: “Биздин колубузда Рамазан айтынын биринчи күнү (28-июль) Элишку калктуу пунктунда Кытайдын коопсуздук күчтөрү эки миӊден ашуун уйгурларды өлтүргөнү, ошондон кийинайт майрамынын экинчи жана үчүнчүкүндөрү коменданттык саат шылтоосуменен өлүктөрдү жок кылышканы туурасындагы далилдер бар”,- деди.

Робия Кодирдин айтымында, далилдердин катарында жергиликтүү элден келгенаудио кабарларо.э. окуяга күбө болгондордун жазма билдирүүлөрү бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here