Орус маалымат каражаттары үчүн билдирүү: «Халифалык силер айтып жаткандай эмес»
2014-жылдын 29-июнунан тартып, «ИШИМ» уюму «халифалык курулганын» жарыялагандан кийин бүткүл дүйнөдөгү маалымат каражаттары бул окуяга жана Халифалык маселесине болуп көрбөгөндөй көңүл бура баштады. Орус маалымат каражаттары да бул маселени четтеп өткөн жок.
Интернеттеги орусча сайттарда «Россия – жаңы Халифалыктын негизги душманы», «Халифалык2» деген жана башка темалар пайда болду. Дээрлик бардык гезиттер, бардык телеканалдар жана бардык маалымат агенттиктери Исламий мамлекет жөнүндө талкуулашууну өзүнүн милдети деп билди.
Көптөгөн макалалар жана кабарлардагы негизги пикирлер ушуларды камтыды:
- Халифалык – артта калган орто кылымдардагы мамлекет, анын негизги белгиси оор кылмыш жаза-чараларынан туруп, бийлик демократияга тескери жаман структура негизине курулат.
- Халифалык 1924-жылы бекер кылынгандан кийин аны кайра тикелөөгө багытталган бардык аракеттер жалаң зомбулук жолун карманган жихадий аракеттерге негизделди.
Хизб-ут-Тахрир 1953-жылы түзүлгөн тартып Халифалыкка даъват кылып келет. Хизб Халифалыкты тикелөө жана ага кандай аракет кылуу керектигин анык, кеңири түшүндүрүп берген көптөгөн баракчаларды чыгарган. Маалымат каражаттарында Халифалык мамлекетинин долбоору жөнүндө адаштыруучу жалган пикирлер кеңири тараганы, алардын катарында «ИШИМ» уюмунун ушул максатка кызмат кылган билдирүүлөрү жана иштери жөнүндө кеп-сөздөр кеңири тараганы үчүн ушуларды айтабыз:
1 – «ИШИМ» уюмунун халифалыктын тикеленгени жөнүндөгү жарыясы эч кандай шаръий негизге таянбаган. Бул уюм бир аскерий уюм гана. Ушуга ылайык, Абу Бакр Багдадий бул уюмдун жетекчиси гана т.а. ал мусулмандардын халифасы эмес. Анткени, ал жерде мамлекеттүүлүктүн, ички жана тышкы коркунучтарга каршы тынчтык жана коопсуздукту камсыздоочу факторлордун жоктугу Халифалык мамлекетинин тикеленишине алып келбейт.
2 – Набий Мухаммад Aдын тарыйкаты Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө тарыйкаты болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз A чоң араб урууларын 10 жыл бою Исламды кабыл алууга жана анын өкүмдөрүн колдонууга даъват кылды. Пайгамбарыбыз бул даъватты Аллах ал кишиге Медина калкын даярдап, алар ал кишинин даъватын кабыл алганга чейин улантты. Хизб-ут-Тахрир ушул тарыйкатты табанний кылган жана жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Халифалыкты тикелөөгө багытталган саясий аракетке ушул тарыйкат негизинде жетекчилик кылып келүүдө. Хизб бул долбоор жөнүндөгү бардык маселелерди адамдарга ачыктап берүүдө.
3 – Халифалык түзүмү – Ислам негизине курулган теңдешсиз саясий түзүм. Халифалыктын тарыхы Исламдагы башкаруу түзүмү жарактуу экенин анык көрсөтүп турат. О.э. бул тарых ушул түзүм учурдагы бардык түзүмдөрдөн үстөм экенин да анык көрсөтүп турат.
Айрым орус маалымат каражаттары сүрөттөгөндөй Халифалык мамлекети адамдарды коркууга салуучу жана репрессия кылуучу түзүм эмес. Халифалык мамлекети бүткүл адамзат үчүн түшүрүлгөн Исламды колдоно турган мамлекет. Ислам бүткүл адамзат үчүн түшүрүлгөн. Ислам адам табиятына ылайык келет. Исламдын мусулмандарга, яхудийлерге жана христиандарга жакындыгынын себеби мына ушунда. Биздин бул сөзүбүз эч бир далил болбогон курулай сөздөр эмес. Тескерисинче, ал бардык адамдарга жакшы маалым акыйкаттарга негизделген. Себеби, Исламий Халифалыктын узун тарыхы исламий түзүмдүн колдонулушу мамлекет жана коомдун өнүгүшүнүн негизги принциптерин коргошун далилдеп турат. Муну болсо биз бүгүн «демократия мамлекеттери» деген мамлекеттерде же Россияда таптакыр көрбөйбүз. Тескерисинче, биз бул мамлекеттерде коомдун ылдам төмөндөп жатканын көрүп турабыз, мамлекеттер адамдарды ахлаксыз демократия баалуулуктарынан коргой албай жатканына күбө болуп турабыз.
4 – Бүткүл адамзат демократия ички карама-каршылыктарга толо экенин жана «укук жана эркиндиктер» деген нерсеге «сыйынуу» Батыш коомун кыйроо жакасына алып келгенин көрүп турат. Себеби, демократия ал тургай үй-бүлөнүн негизги баалуулуктарын да жемирип таштады. Булардын баары баалуулуктардын өзү да бузгунчу экендиги себептүү жүз берүүдө. Бул баалуулуктар инсандын каалоосунан келип чыккан. Ошондуктан, мусулмандардын мындай мамлекетте т.а Халифалык мамлекетинде жашоону каалашы табигый. Бул мамлекет өз жарандарына камкордук кылууга толук негизделген адилеттүү мамлекет. Халифалык мамлекети чыныгы инсаний баалуулуктарды кайра тикелейт. Чынында адамдар күчтүү алсызды эзген жана иштердин өлчөөсү материалдык пайда болгон коомдо жашоодон абдан тажашты.
Хизб-ут-Тахрир – саясий хизб, анын мабдасы – Ислам. Хизб Исламды жаюуга жана анын өкүмдөрүн колдонууга аракет кылууда. Исламда баалуулуктарды адамдар эмес, Халик Субханаху ва Таала белгилейт. Хизб-ут-Тахрир Халифалык мамлекетин тикелеп, исламий өлкөлөрдү Ислам кучагына кайтарууга аракет кылууда жана Батыш коомдоруна Исламдын далил талап кылгыс акыйкаттары жөнүндөгү терең түшүнүктү сунуштап жатат.
Пайгамбарыбыз Мухаммад A мындай дейт:
«مَثَلُ الْقَائِمِ عَلَى حُدُودِ اللهِ وَالْوَاقِعِ فِيهَا كَمَثَلِ قَوْمٍ اسْتَهَمُوا عَلَى سَفِينَةٍ فَأَصَابَ بَعْضُهُمْ أَعْلاَهَا وَبَعْضُهُمْ أَسْفَلَهَا، فَكَانَ الَّذِينَ فِي أَسْفَلِهَا إِذَا اسْتَقَوْا مِنْ الْمَاءِ مَرُّوا عَلَى مَنْ فَوْقَهُمْ فَقَالُوا: لَوْ أَنَّا خَرَقْنَا فِي نَصِيبِنَا خَرْقًا وَلَمْ نُؤْذِ مَنْ فَوْقَنَا، فَإِنْ يَتْرُكُوهُمْ وَمَا أَرَادُوا هَلَكُوا جَمِيعًا وَإِنْ أَخَذُوا عَلَى أَيْدِيهِمْ نَجَوْا وَنَجَوْا جَمِيعًا»
«Аллахтын мыйзамдарына баш ийген адам менен аларга амал кылбаган киши кемеде шерик болгон бир топ адамдарга окшойт, кээ бирөөлөрү кеменин жогору бөлүгүнөн, кээ бирөөлөрү болсо төмөн бөлүгүнөн жай алышты. Кеменин төмөнкү бөлүгүнөн жай алгандар суу ичмекчи болушса, жогорудагыларды басып өтүшөт. Ошондо алар жогорудагылардын тынчын албай эле, ушул жерден тешип ала калсакчы деп калышты… Кемедеги шериктер аларды өз абалына таштап коюшса, баары курман болушат. Эгер аларды колунан кармап токтотуп калышса, өздөрү да, кемедеги шерктери да нажат табышат».(Бухарий риваяты).
Хизб-ут-Тахрирдин
Россиядагы басма сөз бөлүмү
Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info
Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com
buy tadalafil online cheap – sildenafil 50mg pill sildenafil 100mg brand