ИШИМ уюмунун аракетинде Ислам ырайымы жана адилети кайда?!

351
4

Масул христиандарынын өз жерлеринен жана үй-жайларынан көчүрүлүп жиберилгени, алар Найнава тегиздигине жана Күрдстан жерине карап жол алышканы жөнүндөгү кабар биз үчүн күтүлбөгөн кабар болгон жок. Христиандар ИШИМ (Ирак жана Шам Ислам Мамлекети уюму) «Тагдырий документ» деген нерсе боюнча белгилеген мөөнөт бүткөнгө чейин т.а. 2014-жылдын 19-июлунун саат он экисине чейин өз үй-жайларын таштап кетүүгө мажбур болушту. Ошол документ шаар мечиттеринде жума хутбаларында окуп уктурулуп, христиандарга Исламды кабыл алуу, же жизя төлөө, же өз мал-мүлктөрүнөн эч бир нерсени албастан, кийим-кечелер менен гана шаардан чыгып кетүүнүн бирин тандоо шарттары коюлган, эгер, алар бул шарттарды аткарбаса «алар менен ИШИМдин ортосунда кылыч гана болушу» айтылган!

Бул уюм өз көз карашын абдан оройлук менен мажбурлап жүктөөгө адаттанганы, акыбетте, Аллах Тааладан эч коркпой кан төгүүгө жана мал-мүлктөргө кол салууга батынып жатканы алар Халифалыктын улуу урматын баёо мусулмандардын жүрөгүндө кемсинтүү жана тамашага айлантуу максатында халифалыкты жарыялаганын ырастап турат. Бул аракет кафир Батыш долбоорлорунун пайдасына кызмат кылуу деген күмөнүбүздүн туура экендигине жаркын далил. Канчалык үлкөн курмандар берилбесин жана канчалык узакка созулбасын пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты куруу үчүн Расулуллах Aдын тарыйкатын бекем кармап ыклас менен аракет кылып жаткан кишилердин берилгендиги кафир Батыштын тынчын бузду. Мындай болушу табигый, анткени, Халифалыктын сүйүнчү кабарлары Аллах Тааланын уруксаты менен көрүнүп калды. Буга мисал кылып Шамдагы мубарек козголоңду, бардык жайлардагы мусулмандардын ойгонуп калганын жана залим башкаруунун күнү бүтүшүнө жакын калганын келтирүү мүмкүн.

Аягында ушуну айтабыз, Исламды колдонуу дегени адамдардын башы үстүндө кылыч көтөрүү жана алардын мал-мүлктөрүн батыл жол менен тартып алуу дегени эмес. Тескерисинче, Ислам адамдарга рахмат болуп жиберилген! Аллах Таала адамдардын жаны, намысы жана мал-мүлктөрү аман болушу үчүн Исламды түшүрдү!

Узак кылымдар бою Исламдын чырайлуу колдонулгандыгы үммөттөрдүн жана калктардын Исламга топ-топ болуп кирүүлөрүндөгү негизги фактор болду. Бул үммөттөр жана калктар Ислам астында гана адилет жана тынчтыкты көрүштү. Чыгыш христиандарынын мусулмандар менен бир сап болуп баскынчы кресттүүлөргө каршы согушканы Исламдын рахмат экенине жаркын далил. Ошондой болгон соң, келгиле, Исламга чакырган жакшы даъватчы болойлу, жек көрүү козгоочу эмес, кушкабар берүүчү бололу. Ошондо Роббибиз Субханахуну ыраазы кылабыз.

«Роббиңдин жолуна хикмат жана чырайлуу насаат менен даъват кылгын, алар менен эң жакшы жол аркылуу талкуу кылгын! Албетте, Роббиңдин Өзү Анын жолунан азган кимселерди абдан жакшы билет жана Ал Зат хидаят табуучу кишилерди да абдан жакшы билет»                                                                                                                       [16:125]

Хизб-ут-Тахрирдин Ирактагы басма сөз бөлүмү

Электрондук почта: huti53@yahoo.com

4 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here