БУУ жана Араб мамлекеттери лигасынын Сирия маселеси боюнча чабарманы Лахдар Брахими отставкага кетти.
Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун жана Лахдар Брахиминин өзү Нью-Йорктогу БУУ мекемесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында кабарлады. Пан Ги Мундун айтымында, Лахдар Брахиминин кызматтык мөөнөтү 31-майга чейин уланат. А бирок, Брахиминин ордуна ким келе тургандыгы айтылбады.
БУУнун баш катчысы: “Бизге туура келе турган адам ким экендиги жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз үчүн убакыт керек болот”, – деди.
Туркистон:
1991-1993-жылдарда Алжирдин тышкы иштер министри болгон, андан кийин БУУнун Гаити, Афганистан жана Ирактагы өкүлү катары ар түрдүү жогорку кызматтарда иштеген Лахдар Брахими АКШнын куурчагы болуп эсептелет. Брахими мусулмандар өлкөсүнөн чыккандыктан, мусулмандар арасына кирип баруу жолдорун жана алардын ортосунда болушу мүмкүн болгон келишпестиктерди жакшы билет. Бул болсо, ага америкача чечим кызыкчылыгын көздөп мусулмандар арасында фитна чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондуктан, ал өтө көп өлкөлөрдө, мисалы, Афганистан, Ирак, Африка, Европа, айрыкча Серебреница жана Боснияда мусулмандар кыргын кылынышы үчүн кафирлерге жол ачып бере алды.
Брахиминин Сириядагы негизги милдети Сирия ичкерисиндеги козголоңду чалгытуу, адамдардын Исламга умтулушун жокко чыгаруу, шарияттын бийликке келишине жол койбостук жана жаңы малай акимди орнотуу болчу. Т.а. Лахдар Брахими Сирияда убактылуу өкмөттү түзүү үчүн дайындалган болчу. Себеби, бул өкмөт иштердин тизгинин өз колунда кармап калуу үчүн жана Шам козголоңун муунтуп таштап Халифалык мамлекетинин тикеленишине жол бербестик үчүн Америкага өтө зарыл.
Лахдар Брахиминин бардык иштерин көрүп турган Хизбут-Тахрир ага мындай деп кайрылган эле: Сен өмүрүӊдү Батышка кызмат кылуу жана Ислам менен мусулмандарга каршы күрөшүү жолунда өткөрдүӊ. Эми мүӊкүрөгөн карылык жашына жеткен маалыӊда дагы эмне кылмакчысын? Сен жана сага окшогон кимселер үчүн Аллахка тообо кылуунун убагы келбедиби? Сен да мусулмансыӊ го! Афганистан жана Иракта кылган ушунча кылмыштарыӊ сага жетишпейби?! Ар бир иш-аракетиӊ мазлумдарга каршы согушуу, Ирак жана Афганистанда Америка баскынчылыгын бекемдөө болду, же андай эмеспи?! Же сага Африка, Европа, айрыкча Серебреница жана Боснияда кылган кылмыштарыӊды эскертип коёлубу?! Босния мусулмандары бүгүнкү күнгө чейин зулумдан азап тартып жатышат! Же Американын Ливандагы таасирин бекемдөө үчүн ошол кезде тогут Хафиз Асад тарабында туруп Ливанда аткарган эл аралык милдетиӊди эскертип коёлубу?! Яман, Судан, Нигерия жана башка мамлекеттерде кылган кылмыштарыӊды го айтпай эле коёлу! Бул мамлекеттердеги азыркы оор абал сенин ушул өлкөлөрдөгү «мактоого татыктуу иш-аракеттериӊе» күбө!!!