ХОМСКИЙ: “ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК” КУРУ СӨЗДӨН БАШКА НЕРСЕ ЭМЕС

358
0

Америкалык белгилүү идеолог Ноам Хомский Жакынкы Чыгыштажүз берип жатканакыркы абалдар жана Израилдин Газага карата чабуулдары жөнүндө пикирин билдирип, бүгүнкү күндө бүтдүйнө жүзү  эл аралык коомчулуктан көп нерселердикүтүп жаткандыгын, бирок эч кандай “эл аралык коомчулук” жок экендигин, тескерисинче бул нерселер ар дайым болуп келгендей элеадамдарды алдоо жана адаштыруу экендигинайтты.

Израиль Газадагы мусулмандардыкыргын кылуудаАКШ технологиясынанпайдаланып  жаткандыгынбилдирген Ноам Хомский БУУдүйнөдөгүчоӊкүчтөрдүн буйругу менен жүрүшүн жана “эл аралык коомчулук” деген нерсе болсо куру сөздөн башка нерсе эместигиначыктады.

Хомскийдин баса белгилешинче, ИзраильГазадаишке ашырып жаткан кыргындар БУУ тарабынан токтотулушун күтүү орунсуз, анткени БУУнун өзү дүйнөдөгү чоң күчтөрдүн буйругу менен жүрөт.

“Адамдар БУУдан Газадагы кыргындарды токтотуу сыяктуу көптөөн иштердикүтүп жатышат. Бул болсо, таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, БУУ дүйнө саясатынан эркин жана үстөм эмес. Муну баары билиши керек. БУУ күч-кубатка ээ болгон чоң күчтөрдүн айтканын гана аткарууда. Мисалы, Израиль Палестинада ишке ашырып жаткан кыргындарды токтотуучу ар бир токтомго АКШ вето коёт”, – деди идеолог.

Израил Газага уюштурган чабуулдардагы эң биринчи жоопкерчилик АКШга жүктөлө тургандыгын баса белгилеген Хомский палестиналыктарага карата ишке ашырылган кыргындарга АКШнын түздөн-түз тиешеси бар экендигине басым жасады. Хомскийдин айтымында, америкалыктар Израилге жардам берүү менен дүйнө мусулмандары арасында “антиамериканизм” күчөшүнө өздөрү себепкер болууда.

Хомский: “Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү мамлекеттер ар бир ишти өз кызыкчылыгы үчүн гана ишке ашырууда. АКШ да өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарынан келип чыгып Израилди колдоп жатат. Айрыкча, Европа союзу Газада болуп жаткан иштерди көрмөксөн болууда. Франция өкмөтү Израилге каршы демонстрацияларга тыюу салуу менен өзүн көрсөттү. Араб дүйнөсү болсо бөлүнүп кеткен, бирер чара көрүүгө алсыздык кылат”, – деди.

Туркистон:

Тарыхта, Бану Хошим уруусуна карата Курайштыктар баш болуп өткөргөн зулумдарды эстеӊиз. Зулум чокусуна чыкканда Курайш өз туугандары болушуна карабастан, Хошимийлер Пайгамбарыбыз САВга кыянат кылбагандыктан, бүтүндөй бир урууга каршы арабдар ортосунда келишим түзүп бардык алкаларды үзүп жиберишкен. Бир нече жылга созулган бул зулум, өздөрүнүн арасынан нааразылыктар келип чыгышына себеп болгон жана Каабага илип коюлган бул келишим бир нече уруулар тарабынан бекер кылынып жыртып ташталган.

Бүгүнкү күндө дакудум ошол тарых кайталанып жаткандай. Куфр чоңдорутарабынан жүргүзүлүп жаткан зулумдар адамкерчилигин жогото элекадамдар,аалымдар жана саясатчылар тарабынан сынга алынууда,демонстрациялар уюштурулууда. Аллахтын нусраты,кудум Умардын хидаятыменен келгени сыяктуу,таасирдүүадилеттүү адамдардын хидаяттануусу аркылууже алардын адамкерчилигинен келип чыгып,айбандык иштердикабыл албастыгынан келишидамүмкүн.Бирок,арабызда өздөрүн Умар деп дааба кылуучу саясатчы, интеллигент, диний уламалар жана мамлекет жетекчилери, жогоруда келтирилген зулум булагы болгон борбор туурасында америкалыкидеологкабар бергендейбилдирүү да бере алышпайт.Тескерисинчеушул система ичинде, анын өнүгүшүүчүнсалымкошуп жатышкандыгына сыймыктанышат.Жогорудагыидеологдунсөздөрүнө көӊүл буруӊуз,анткени ал туура сөздү айткан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here