КЕРРИ: ИЗРАИЛЬ МЕНЕН ДОСТУГУБУЗ АНЫ КОЛДОП-КУБАТТАШЫБЫЗДЫ ТАЛАП КЫЛАТ

330
0

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху БУУ тарабынан сунушталган жана Хамас тарабынан кабыл алынган ок атууну токтотуу сунушуна тескери жооп берди. Американын CNN телеканалына интервью берген Нетаняху ок атууну токтотуу сунушуна ыраазы болбостугун билдирип, Израиль калкын коргоо үчүн керек болгон бардык ишти кыла тургандыгын маалымдады.

Бириккен улуттар уюму Газага гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн Хамас жана Израилге ок атууну 24 саатка токтотуп турууну сунуштаган эле. Израиль өкмөтү Газа тарабынан ракета чабуулдары уланып жаткандыгын дааба кылып, чабуулдарды токтотпой тургандыгын билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да Газада ок атууну токтотуу токтомунун тарапкечи экендигин билдирген болсо да, бирок Керринин айтымында, Израиль бүгүнкү күндө тоннелдерди жок кылуу менен өзүн-өзү коргоо укугунан пайдаланууда.

“Израиль тоннелдер маселесин чечиши керек. Тоннелдер Израиль коопсуздугу үчүн коркунуч болуп эсептелет. Өзүн коргоого Израилдин акысы бар. Милдетибиз эки тарапты келишүүгө чакыруу. Израиль менен достугубуз аны колдоп-кубатташыбызды талап кылат”, – деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Ошол эле убакта Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Ашраф Кубронун маалымат агенттиктерине билдиришинче, бүгүнкү күнгө чейин Израилдин деӊизден, кургактык жана абадан уюштурган чабуулдарынын натыйжасында 1216 адам өлгөн. Жарадар болгондордун саны 7000ден ашкан, 2360 даана турак-жай имараттары талкаланган.

Израиль армиясы рамазан айты күнүндө жаш балдар майрамдап жаткан сейил багын аткылашынын натыйжасында бир нече бейкүнөө наристелер бул дүйнө менен кош айтышты.

Израилдик оӊчул экстремист журналисттердин бири израилдиктердин Тел-Авивде өткөргөн майрамдары жөнүндө кабар таркатты. Кабарда айтылышынча, израилдиктер көчөлөргө чыгып: “Урааа! Эртеӊ Газа мектептеринде каникул. Себеби, бардык жаш балдар өлүп кетти”, – деп кыйкырышып бийге түшүп жатышкан.

Айрыкча бүгүн Газа калкы эӊ оор күндөрдүн бирин башынан өткөрдү. Израиль армиясы адамдар көп болгон жерлердин бирине бомба жаадырышы себептүү эӊ эле бери дегенде 100 адам өлдү. Электр энергиясы жана телефон линиялары үзүлүп калды. Ооруканага алып келинип жаткан өлүктөрдүн арты үзүлбөй жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here