ХАЛИФАЛЫК ТИКЕЛЕНСЕ ГАНА ӨЗБЕКСТАНДАГЫ МУСУЛМАНДАРДЫ КУУГУНТУКТООГО ЧЕК КОЮЛАТ!

393
0

Басма сөз баянаты

Халифалык тикеленсе гана Өзбекстандагы мусулмандарды куугунтуктоого чек коюлат!

Ташкент соту 2014-жылы 14-майда Чиназ шаарында жашаган жети жаран үстүнөн өкүм чыгарды. Алардын баарына тыюу салынган Хизб-ут-Тахрирге мүчө деген айып коюлду. Адам укугун коргоочу уюмдардын кабарына ылайык, алар Өзбекстан республикасынын кылмыш кодексинин «Диний экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталисттик же башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, аларда катышуу» деген 244-2 берененин биринчи бөлүгү боюнча жоопко тартылды. 34 жаштагы Бахадыр Ахмедов жана 45 жаштагы Абдурахман Мирзаев он жылга, 39 жаштагы Сиражиддин Байматов сегиз жылга эркинен ажыратылды, ал эми, 37 жаштагы Лутфулла Пармонов, 27 жаштагы Хасан Турдикожаев, 34 жаштагы Умиджан Исаев жана 31 жаштагы Бахрам Ахмедов 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Каримов Өзбекстанда бийликти ээлегенден бери 25 жыл өттү. Ушулубактан бери мамлекет дээрлик эч бир утушка жетишпеди! Тескерисине, бул режим өлкөнү жана адамдарды ойрон кылды. Бул тогуттун доорунда өлкө төмөндүккө карай артка кетти. Тогут Каримов адамдарды материалдык жана пикирий жактан жакыр кылуу жолун карманды… Табигый кендерге бай бул өлкө бийликти ээлеп алган бир топ кылмышкерлер тарабынан талап-тонолду. Бул кылмышкерлер мамлекет аппаратынын бардык структуралары үстүнөн өкүмдар болуп алган. Кичине мансаптагы жооптуу болобу, чоң мансаптагысыбы, баары ушул кылмышкер топ менен байланган. Ошондуктан, Өзбекстандагы катардагы адамдар күндөн-күнгө жакырлашып, тигил топтогулар болсо дагы да байып жатканына күбө болуп турабыз! Бул бир тараптан, башка тараптан болсо, режим адамдардын пикирлерин да бузууну максат кылып алган. Ушул максатта таалим түзүмүн бузду, латынча тамгаларды киргизди, таалим программаларында Исламдан аты гана калды! Бул режим пикирий уу-заарды телевидение, радио, гезиттер… аркылуу чачууда.

Бул режимдин сыймыктанып мактана турган бирден-бир «утушу» – мусулмандарды өлтүрүү, террор кылуу, мусулман эркектерди да, муслима аялдарды да камакка алып кыйноолорго салуу. Мисалы, Өзбекстандагы адам укугу уюмдары берген маалыматтарга ылайык, Баходир Ахмедов ички иштер башкармалыгынын «терроризмге каршы күрөш» бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан камакка алынып, 15 күнгө чейин эч кандай айып коюлбастан кармалып турган. Анын кайда экендиги жакындарына да, адвокат жана күбөлөргө да айтылбаган. Мына ошондон кийин аны Ташкент шаарынын ички иштер башкармалыгына өткөрүшүп, аны моюнга алдыруу үчүн эки апта жырткычтык менен кыйноолорго салышкан. Алтымыш жаштагы Мархамат Мирзаева да эч кандай айып коюлбай жана адвокаттын катышуусусуз коопсуздук кызматында 45 күн мыйзамсыз кармалып турган.

Мархамат Мирзаева жана Чиназ шаарынын башка сегиз аялы мыйзамсыз түрдө камакка алынып, камакка алуу туурасындагы ордерлерди алуу үчүн аларды Аккоргон сотуна алып келишкен, ошол жерде сот – камакка алынгандардын катышуусусуз – 15 күн камакта кармап туруу туурасында ордер берген. Мына ошондон кийин аялдарды Ташкент шаарынын ишки иштер башкармалыгына алып келишип керектүү көрсөтмөлөрдү берүүгө о.э. камакка алынган жакындарына – жакындары коопсуздук күчтөрүнүн талаптарына моюн сунушу үчүн – басым өткөрүүгө мажбурлашкан, ушул максатта аларды эң жийиркеничтүү түрдөгү кыйноолорго салышкан. Аялдар тергөөчү Надир Саидов башчылыгында 25 жаштан ашпаган төрт милиция кызматкери тарабынан кыйноого салынган, аларды уятсыз сөздөр менен акааратташкан, чачтарынан тартып сүйрөшкөн, баштарын дубалга, терезелерге урушкан, дубинкалар менен таякташкан. Аялдар 30-40 күн ички иштер башкармалыгында калышкан. Соттук териштирүүлөр 2014-жылы 26-мартта башталып, Ташкент облусунун прокуратурасынын кызматкери Анарбаев айыпты окуп, сот залынан чыгып кетти. Мына ошондон кийин соттун төрт жыйыны өткөрүлдү, бирок, мамлекет прокурору катышпады, өкүм чыгарыла турган күнү гана прокуратуранын башка бир кызматкери Хажиакбар Убайдуллаев келип, камакка алынгандардын ар бирине 14 жыл камак жазасы берилишин талап кылды.

Эй Өзбекстан мусулмандары!

Силер экономикалык жана пикирий жактан өтө жаман абалды, тынчсыздык жана кабатырлыкты башыңардан өткөрүп жатасыңар. Бийлик силерди атайын камакка алып, кыйноого салууда. Бул зулум жана зомбулуктарга Ислам жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети менен гана чек коюлат. Ошондуктан, биз силерди – инша Аллах – жакында жок болуучу бул кылмышкер режимди кулатуу үчүн жана рошид Халифалыкты жарыя кылуу үчүн Хизб-ут-Тахрир менен биргеликте олуттуу аракет алып барууга чакырабыз. Халифалык тынчтык-амандыкты кайра орнотот жана бүткүл дүйнө бойлоп адилетти жаят. Бул болсо, Аллахка таптакыр кыйын эмес…

Набий A айтты:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам артында туруп согуш кылына турган жана коргонула турган бир калкан».

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here