АС-СИСИ: “МУСУЛМАН АГАЙЫНДАР”ДЫН ИЗИ ДА КАЛБАЙТ

336
0

Мисирдин мурдагы коргоо министри, учурда президенттикке талапкер фельдмаршал Абдул Фаттах Ас-Сиси “Мусулман агайындар” жамаатын жок кылгандар Мисир калкы экендигин билдирип, эгерде шайлоодо жеӊип чыга турган болсо, Мисирде “Мусулман агайындар” жамаатынын изи да калбастыгын баса белгиледи.

Фельдмаршал “CBC” жана “NTV” спутниктик каналына берген интервьюсунда “Мусулман агайындар” жамаатын түп тамыры менен жок кылууга убада берди.

Ал: “Менин президенттигим убагында бул жерде “Мусулман агайындар” деген нерсе болбойт. Мен Ислам динине таптакыр каршы эмесмин, бул нерсе оюма да келбейт. Бирер адам мени эч бир көрүнүштө Аллах Таалага каршы турат деп ойлобойт”, – деди.

О.э. Ас-Сиси “Мусулман агайындар” жамаатын саясий жана диний акмактыкта айыптап: “Мисир өкмөтү азыркы абалды эсепке алганда утушка жетишпеди. Мусулман агайындар кылган иштер саясий жана диний акмакчылык болуп эсептелет”, – деди.

Ас-Сисинин баса белгилешинче, диний партиялар мамлекетти башкарууга жарабайт.

“Кониституция бизге диний негиздерге ылайык түзүлгөн партияларга тыюу салуу милдетин жүктөйт. Мен Мисирдеги өтө көп диний Хизбдер жана жетекчилер менен сүйлөштүм. Менин аларга айта турган сөзүм белгилүү, алардын диний хутбалары мамлекетти башкарууга жарабайт”, – деди Ас-Сиси.

“Мусулман агайындар” жамаатынын жетекчилеринин бири менен 45 мүнөт сүйлөшкөндүгүн ачыктаган Ас-Сиси дагы мындай деди: “Ал мени Сирия, Афганистан жана Ливиядан согушкерлер согушуу үчүн Мисирге келет деп коркутту. Мен ага Аллахка ант болсун, мисирдиктерди бирер киши коркутушуна таптакыр жол бербеймин, – дедим”.

Туркистон:

Сиси Асаддын сөздөрүн кайталап жатат. Анын тагдырына да шерик болуп калбаса эле. Жогорудагы текебердикке толгон сөздөрү, анын саясатчы болуп калыптана электигин түшүндүрөт. Ал дагы деле куфр башкаруу системасынын ити бойдон калууда. Ал диний хизбдерди четке кагышы менен, өзүнүн башкаруу системасын куфр негизинде жүргүзө тургандыгын моюнга алууда. Ал тургай, башка куфрга көз каранды саясатчыларга окшоп муну жашырууга да аракет кылбай жаткандыгы анын дагы деле аскерлече пикирлеп жаткандыгын билдирет.

Эми Сиси айтып жаткан исламий хизбдер жөнүндө кыскача айта кетсек,  Хизб – бул бирер мабдаъдан балкып чыгуучу фикрат жана тарыйкаты менен абалды өзгөртүү негизинде аракеттене турган саясий уюм. Бир мабдаънын турмушта бар болушу үчүн, мисалы Исламды турмушка алып келүү үчүн башка мабдаъ тарыйкаты негизинде аракеттенип жаткан хизбдер “исламий хизб” деп айтылбайт. Анткени, хизбдин негизи анын мабдаъий экендигинде. Мабдаъ болсо, өз фикратына (турмуштагы бардык проблемалардын чечими) жана өз тарыйкатына (фикраттын нукуралыгын коргоо) ээ болушу керек. Болбосо, көрүп турганыбыздай т.а. “мусулман агайындар” сыяктуу ийгиликсиздикке учурай беришет. Өкүнүчтүүсү, Сиси бул сөздөрдү түшүнө да албайт. Ал ар кандай исламий хизбдер менен сүйлөшпөсүн, манкуртчасынан куфр башкаруу системасын теманын негизи кылат. Исламдын башкаруу системасын моюнга алуудан коркот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here