АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри өткөн аптада Жакынкы Чыгышка сапар кылып, ок атууну токтотуу токтомун жарыя кылуу зарыл экендигин баса белгилеген болчу. Алөзүнүн бул сунушу менен бүт дүйнөнүн көз алдындаАКШ өкмөтүн тынчтыктын тарапкечи кылып көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок, андан кийин жүз берген окуялармунун тапткары тескерисин көрсөтүүдө.
Израиль бир айга жакын убакыттан бериГаза секторун кыргын кылып жатат. Ушул мөөнөттүн ичинде Америка Кошмо Штаттары Израилге тынымсыз аскерий жарак-жабдыктарды жөнөтүп тургандыгы ачыкталды.
Испаниянын “EFE” маалымат агенттиги “Америка бир тараптан ок атууну токтотуу токтомун жарыя кылууну талап кылып жаткан болсо, экинчи тараптан Израилге жеткирип берип жаткан курал-жарактын көлөмүн көбөйтө баштады” деген аталыштагы макаланы жарыя кылды. Макалада жазылышынча, акыркы убакта Газадагы БУУга караштуу мектепке атылган жана 19 адамдын өлүмүнө себепкер болгон миномёттор да АКШдан алып келинген жана мектеп аткыланышынан мурда Израиль армиясына тапшырылган.
“EFE” маалымат агенттиги 20-июлда АКШ коргоо министрлиги Израиль шашылыш түрдө көпчүлүгү танктын огунан турган бир миллиард долларлык кошумча курал-жарак талап кылгандыгын билдирди. Агенттиктин билдиришинче, АКШ коргоо миинистрлиги бул талапты дароо канааттандырып, куралдарды Израилге жиберген.
АКШ президенти Барак Обаманын эки жүздүүлүгүн да сындаган агенттик анын бир тараптан “өз ара келишүүгө” чакырып жакшы көрүнүүгө аракет кылып жаткандыгын, экинчи тараптан болсо Израилге жашыруун түрдө тынымсыз курал жеткирип келгендигин көтөрүп чыкты. Агенттик айрыкча, Израилдин Газага кылып жаткан чабуулдары токтоп калбасын үчүн АКШ коргоо министрлиги дагы 220 миллион доллардык кошумча заказ алгандыгына жана бул да конгресстин ыраазылыгы менен Израилге жиберилишине басым жасады.
Айта кетүүчү нерсе, АКШ өкмөтү Газадагы БУУга караштуу мектепке атылган миномётторду өзү жеткирип бергенине карабастан, мектептин чабуулга дуушар болушун каралады. Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест маалымат жыйынында бул тууралуу берилген суроого “бейкүнөө жарандар баанектеген БУУнун имараттарынын бири бомбаланышы таптакыр кабыл алынбай турган жана таптакыр актоого болбой турган иш ” деп жооп берди.
lasix generic – purchase betamethasone3 buy cheap generic betnovate