Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Түркияга жөнөп кетти. Атамбаевдин Түркияга болгон иш сапары маалында Кыргыз-Түрк мамлекеттер аралык жогорку Кеӊешинин о.э. түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеӊешинин жыйындарында катышуусу пландаштырылган.
Мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны 3-июнь күнү Анкара шаарында Кыргызстан жана Түркия президенттери Алмазбек Атамбаев менен Абдуллах Гүлдүн теӊ төрагалыгы астында болуп өтөт.
О.э. иш сапары маалында Алмазбек Атамбаев Түркиянын премьер-министри Ражап Эрдаган менен да жолугушат.
Түрк тилдүү мамлекеттер жетекчилеринин саммити 4-5-июнь күндөрү Бодрум шаарында болуп өтөт. Саммитте Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжандын президенттери катышат. О.э. бул саммитте Түркмөнстан президентинин катышуусу да күтүлүүдө.
Программа боюнча 4-июнь күнү Тышкы иштер министрлеринин жыйыны, 5-июнь күнү болсо мамлекет башчыларынын жолугушуусу болуп өтөт.