БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими Женева-2 конференциясы ийгиликтүү өтүшү үчүн бар болгон күчүн жумшап жаткандыгын маалымдады.
Ал: “Россия, Америка жана БУУ эл аралык конференция ийгиликтүү өтүшү үчүн олуттуу аракет кылууда”, – деди.
Брахими Сирия режими жана улуттук коалиция ортосунда өтүп жаткан сүйлөшүүлөр жеӊил болбостугун айтып, бул конференциядан муъжиза жүз беришин күтүү болбостугун баса белгиледи. Брахиминин айтымында, согушту токтотуу үчүн эки тарап ортосунда эч кандай келишимге жетишилбеген.
Сирия оппозициясы 18 айдан бери курчоодо турган Хумска гуманитардык жардамдар киргизилишине уруксат берилишин талап кылып жаткан болсо, Асад режиминин өкүлдөрү оболу этибар Исламий күчтөргө каршы күрөшүүгө каратылышы керектигине катуу туруп жатат.
О.э. Брахими курчоодо калган аймактарга жана бардык сириялыктарга гуманитардык жардамдар жетип барышы зарылдыгына ишара кылды. Ал: “Бирок, кырдаал БУУ кербендеринин эркин аракеттенишине жол бербей жатат”, – деди.
БУУнун “жардамдар жана кызматтар” агенттигинин маалымат катчысы Крис Гуннесс Ярмук качкындар лагерине бир аптадан бери жардам жиберилип жатканын айтып, Сирия режими бул жаатта убадасына турбагандыгы себептүү көӊүлү калгандыгын билдирди.
Гуннесс: “18-январь күнү Сирия режиминин Ярмук качкындар лагерине тамак-аш жеткирип берүүгө жол ачып бергендигинен курсант болгон элек, а бирок, берилген жардамдын жетип барышы жөнүндө берилген убада ишке ашпагандыгы себептүү көӊүлүбүз калды”, – деди.
Борбор Дамасктын түштүгүндө жайгашкан Ярмук качкындар лагеринде ар күнү адамдар ачкалыктан өлүп жатканы күзөтүлүүдө.
Туркистон:
Бул дүйнөлүк башкаруу түзүмүнүн кризиси. Өтө шерменде абал. Эч кимден сурабастан Африка чөлдөрүн өзүнүн коруктарына айландырып, ар бир айбандын өмүрүнө кайдыгер карабай турган бул Батыш жетекчи мамлекеттери, өлүп бара жаткан миллиондогон адамдарды кантип эле Асад режиминин уруксаты менен куткарышсын. Булардын аракеттери, бир кайыкта чөгүп бара жатып, бири-бири менен палуба талашып жаткан матросторду эске түшүрөт.
Түпкүлүгүндө, алар күрөш ыкмаларында да, өздөрүнүн аймактык кызыкчылыктарында да, дүйнөдөгү эл аралык системанын Ислам менен жүрүп жаткан күрөштөгү мааниси туурасында да бири-бири менен келише албай жатышат. Лавровдун билдирүүлөрүнө көӊүл бурсаӊыз, ал куфр дүйнөсүн Ислам дүйнөсүнө каршы ачык согуш жарыя кылууга чакырып жатат, АКШ жана анын тарапкечтери ашкере геноцид ыкмасында күрөш алып баруу азырынча эртерээк деп билишет. Анткени, ачык согуш эл аралык системаны бузуп жиберет. Учурдагы система Россиянын кызыкчылыктарн сүрүп чыгарып жатканы менен, Батыш жетекчилерине азырынча пайдасын тийгизип жатат. Жогорудагы эки тарапка бөлүнүп алып бизге спектакль коюп жаткандардын түпкү максаттары ушул негизге курулган.