ЕККУ ЖАНА ТҮРКИЯ УЛУТТУК ПОЛИЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНГА ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШТӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

259
0

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлдөрү, Түркия улуттук полициясы жана Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) терроризмге каршы күрөшүү борборлору мамлекеттик кызматкерлер жана коопсуздукту камсыздоо тармагында иштеп жаткандар үчүн терроризм менен күрөшүү боюнча тренингдерди өткөрүү туурасындагы документке кол коюшту.

Бишкектеги ЕККУ борборунун кабар беришинче, УКМК жана ЕККУ борборлору ортосунда кызматташтуу туурасындагы эки жылга болжолдонгон эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Бул документтерге кол коюлушу 2014-2015-жылдарга пландаштырылган жана терроризмге каршы күрөштө республиканын кубатын күчөтүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу башталганына далалат кылат. Мында негизинен терроризмге алып баруучу экстремизмге жана радикалдашууга каршы турууга көӊүл бурулат.

Долбоордун алкагында пландаштырылган тренингдерде УКМК, чегара кызматы, жаза аткаруу башкармалыгы, ички иштер министрлигинин кызматкерлери о.э. премьер-министрдин аппараты, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлдөрү катышат.

Бишкектеги ЕККУ борборунун колдоосу менен терроризмге каршы күрөшүү борбору үчүн даярдалган аудиторияларда семинарларды өткөрүү пландаштырылууда.

О.э. долбоордун алкагында 2014-жылы атайын кызматтын кызматкерлери окуп үйрөнүү үчүн Түркияга барып келиши уюштурулмакчы.

ЕККУнун Бишкектеги бөлүмүнүн элчиси Сергей Капинос: “Түркиянын терроризм менен күрөшүүдөгү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн. Жаӊы комплекстүү тренинг программасы мамлекеттик кызматкерлерге жана коопсуздукту камсыздоо тармагында иштеп жаткандарга экстремизм жана терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүн берүүчү эң заманбап ыкма жана технологиялар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзөт”, – деди.

Туркистон:

Демек, Россияча күрөшүү методу Кыргызстан үчүн ылайыксыз деп табылды. Себеби, Кыргызстан исламий өлкө, Исламдын коомго болгон таасири да Россияга караганда бир нече эсеге жогору. Атамбаев үстүбүздөгү жылды “мамлекеттүүлүктү күчөтүү жылы” деп атады. Демек, ал Ислам жана мусулмандар кубаты менен тирешүүдөн мурда өзүнүн саясий чөйрөсүнөн болгон оппозиционерлер менен арасын ачык кылып алмакчы.
Европа болсо, мусулмандарды убактылуу уктатып туруу боюнча адис. Түркиядагы Эрдаган жүргүзүп жаткан саясат да ушундай негизге т.а. Ислам менен саясий майданда күрөшүүдөн качуу негизине курулган. Бирок, ал үчүн кыргыз мамлекети белгилүү бир даражада исламийлешүүнү көздөй кадам таштоосу зарыл болот. Куфрдун айла-амалдары өтө көп, бирок алар кечигип калышты, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here