Украина кризисинин акыбеттери

317
0

Суроо:

Украина жөнүндө 2014-жылы 22-февралдагы суроого берилген жоопто мындай делген: «…Башкача айтканда, Украинадагы жаңы кырдаал ушул үч тараптын бир тарабынын пайдасына гана чечилиши ыктымалдан алыс. Ошондуктан, демек Украинада шайлана турган ар кандай президент ушул үч тараптын этегине жабышкан болот. Жок эле дегенде жакынкы келечекте ушундай болот. Бирок, бул чечим ар кандай убакта, жаңыча абал пайда болгон убакта жарылууга даяр бир бомба болуп кала берет. Жаңыча абалда бул үч тараптын кимиси болсо да Украинада толук таасирге ээ болуп алышы мүмкүн. Себеби, бул үч тарап капитализмди кабыл алган, капитализм болсо пайдапарастык үстүнө курулат. Демек, бул үч тараптын эч биринде өзгөрбөс баалуулуктар жок, тескерисинче өзгөрүүчү болуп, бул үч тараптын кайсынысы биригүүчүрөөк, дагы да ыпыласыраак жана дагы да зордукчулураак болсо ошонун тарабында болот…».

Бүгүн Украинада окуялар ылдамдап жатканын байкап жатабыз, айрыкча, Крым жарым аралында ушундай болууда. Ал тургай, орус Кара деңиз флоту 2014-жылы 3-мартта украин аскерлерди 12 саат ичинде багынууга чакырып, ультиматум жолдоду! Бул нерсе Россия Украинаны өз тарабына күч менен тартып алуу үчүн күч тапканын, ошондуктан, калган эки тарап: Америка жана Европаны эсепке албай жатканын түшүндүрөбү т.а. «жарылууга даяр бомбанын» жарылышынын убагы келдиби? Андыктан, бул кризистин аягына жетишин жана Украинадагы абалдын турукташуусун кантип күтүү мүмкүн? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

Жооп:

Биз ошол суроонун жообунда мындай деген элек: «… үч тараптын эч бири Украинаны бүтүндөй өз тарабына тартып алууга кудуреттүү болушу күтүлбөйт». Себеби, 2004-2005-жылдардагы шарттар жана 2010-жылдагы шарт азыркы шарттагыдай эмес. Ошондуктан, азыр бул үч тараптын эч бири Украинаны бүтүндөй өз тарабына тартып ала албайт. Демек, Ураинадагы абалдын төмөнкүдөй турукташуусун күтүү мүмкүн:

1 –   Убактылуу туруктуулук: Украинадагы абал – Украинада Россияга, Америка жана Европага жакын болгон кимсе президент болуп орнотулса т.а. ал ушул үч тараптын этегине байланган болсо – турукташуусу мүмкүн…

2 –   Ал эми, абалдын туруктуу түрдө турукташуусуна келсек, Крым Исламий Халифалыктын кучагына кайтса гана абал туруктуу болот. Ошондо жакшылык баарына бирдей жайылат, бул жакшылык бүткүл дүйнөгө жетип барат. Ислам ааламдар үчүн рахмат болуп келген. Ушуну да эске сала кетүү керек, Крым кылымдар бою Халифалыкка баш ийип келген. Бул абал Россия Батыш мамлекеттери менен тил бириктирип Крымды басып алганга чейин созулду. Ушул баскынчылыктан кийин он сегизинчи кылымдын аяктарында Россия Крымды өзүнө кошуп алды. Негизи, Крым 1430-жылдан тартып Исламий амирлик болгон, кийинчерээк ал Халифалыктын гүлдөп-өскөн доору 1521-жылы Усманий Халифалык мамлекетинин вилаяттарынын бирине айланган. Бул абал орустар жана куфр мамлекеттери өз ара тил бириктиргенге чейин уланды. Мына ошондон кийин колонизаторлор 1783-жылы Крымды Усманий мамлекеттен бөлүп жиберишти. Колонизаторлор Крымда ал тургай жырткычтыктар да жийиркене турган кылмыштарды жана кыргындарды ишке ашырышты. Мына ошондон кийин колонизаторлор Крымды Россия курамына кошушту жана анын борборунун Ак мечит деген ысымы азыркы Симферополь деген атка өзгөртүлдү. Маалымат үчүн ушуну айта кетсек, Крым деген сөз Крым калкы болгон татар мусулмандардын тилинде чеп маанини билдирет. Ошентип, Крым орустар басып алышынан мурун болжол менен үч жарым кылым исламий вилаят болгон! Крым өзүнүн түпкүлүгүнө кайтып – инша Аллах – кирип келе жаткан Халифалык мамлекетинин исламий вилаятына айланса гана туруктуулук жүзөгө чыгат.

3 –   Ансыз абал жарылууга даяр бир бомба болуп кала берет. Себеби, үч тарап: Россия, Америка жана Европа ар бири Украинаны бүтүндөй тартып алуу үчүн өзүнүн кубаты жеткенин көрсө же башка эки тарапты четтетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болгонун көрсө Украинаны бүтүндөй өзүнө тартып алууга киришет. Бул тараптар – айтып өткөнүбүздөй – капитализм негизинде аракет кылат. Капитализмде болсо пайдапарастыктан башка баалуулуктар жана өлчөөлөр жок. Ошондуктан, кайсы тарап өзүндө кубат пайда болгонун көрсө башкаларды дароо унутат… Бирок, эгер өзүндө кубатты таппай башка тараптарга келишүүгө барбаса, анда, Украинадагы кризис дагы да чаташат. Ушундай абал Янукович эсеп-кысаптан адашып Европа Союзу менен соода келишимине кол коюудан баш тартканда жаркын көрүндү. Янукович Россия менен Американын «ынак» болуп жатканына ишенип ушул келишимди четке каккан эле. Себеби, ал Европа Союзуна каршы турууда Америка аны менен бирге турат деп ойлогон. Натыйжада, ал өз жанын куткарып качууга мажбур болду… Киевдин жаңы акимдери да ката кылып эсептен адашышты. Себеби, алар Россиядан баш тартып, Украинаны Россиядан алыстата алабыз деп ойлошкон, ошондуктан, Батышка карай, айрыкча, Европа Союзуна карай жүздөнүшкөн эле… Акыбетте, алар мамлекеттик структуранын шал абалында жана проблемалар ириминде калышты!

Корутундулап ушуну айтабыз, Украинада бул үч тараптын кызыкчылыктары бар:

Россия Украинаны өзүнүн «эгин талаасы» деп билет! Америка болсо Украинанын НАТОго кошулушун каалайт. Европа болсо Украинанын Евросоюзга кошулушун каалайт. Ошондуктан, азыркы шарттар бул тараптардын эч бирине башка эки тараптан бүтүндөй үстөм болуп Украинаны бүтүндөй өз тарабына тартып алышына мүмкүнчүлүк бербейт.

Эми, орустардын «Интерфакс» маалымат агенттиги 2014-жылы 3-мартта тараткан «Орус Кара деңиз флоту Крымдагы украин аскерлерге 12 саат ичинде багынуу туурасында эскертип мөөнөт берди» деген кабарга келсек жана Россиянын азыркы учурда өз «булчуңдарын» көрсөтүп жаткан иштери жөнүндө айта турган болсок, булар дагы да көбүрөөк басым өткөрүү жана коркутуп абалды дагы да «кызуу» түс алдыруу түркүмүнө кирет. Россия өзүнүн көз карашына күчтүү жана Украинадагы абалга тиешелүү ар кандай чечимге таасир өткөрө турган түрдө кулак салдыруу үчүн ушундай кылууда… Ушуга ылайык, үч тарап бири-биринен өтүп кескиндикти курчутушу күтүлөт. Булардын баары үч тараптын кызыкчылыктарын эсепке алган бир президентти алып келүү үчүн жасалат. Бул чечим албетте убактылуу болот т.а. үч тараптын бирине Украинаны өз тарабына тартып алуу мүмкүнчүлүгүн берген жаңы жергиликтүү, регионалдык жана эл аралык шарттар жүзөгө келгенге чейин же Халифалык дагы тикеленгенге чейин улантат. Себеби, Халифалык Крымды дагы мурунку түпкү абалына кайтарат…

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»  [12:21]                                  

3-жумадул-аввал, 1435-х.

4-март, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here