Палестина бийлиги жана анын коопсуздук кызматы баскынчыларга шерменде болуп моюн сунуп, Палестина калкына зөөкүрдүк жана текебердик кылууда

344
0

Басма сөз баянаты

Палестина бийлиги жана анын коопсуздук кызматы баскынчыларга шерменде болуп моюн сунуп, Палестина калкына зөөкүрдүк жана текебердик кылууда

Палестина бийлиги жана анын коопсуздук кызматы яхудий баскынчы күчтөрүнө моюн сунууда. Мисалы, өкмөттүн борбору Рамаллахтагы Бирзитте бийликтин коопсуздук күчтөрүнүн көз алдында яхудийлердин террорчу күчтөрү туткундуктан азат болгон эр жүрөк согушкер Муътаз Вашха рахимахуллахка кол салып өлтүрүштү. Баскынчыларга кул сымал итаат кылып жаткан бул бийлик жана анын коопсуздук күчтөрү Палестина калкына, айрыкча, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө күчүн көрсөтүүдө, зөөкүрдүк кылууда.

Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, ушуну жакшы билебиз, баскынчылардын Палестина калкына каршы кылмыштары таптакыр токтободу. Баскынчылар палестиналыктардын ыйык жерлерин, үйлөрүн, мечиттерин ойрон кылды жана эгин талааларын бузуп таштады. Кала берсе, бийлик баскынчы яхудийлер менен коопсуздук маселесинде шерменде кызматташтык кылышы акыбетинде о.э. сүйлөшүүлөр алып баруу жана жоопкерчиликсиз келишимдерге кол коюу аркылуу баскынчыларга жан бериши натыйжасында алардын кылмышы дагы да күчөп, абал дагы да кескиндешти.

Биз Палестина калкына, адам укуктары уюмдарына, коомчулукка, бейөкмөт уюмдарына, окумуштууларга, урууларга ушуларды баса белгилейбиз:

Палестина өкмөтү баскынчылар менен коопсуздук маселесинде кызматташтык кылууга, сүйлөшүү алып барууга жана жан берүүгө батынды, бирок, анын бул иштерине жөн гана карап турбаган жана анын кылмыштарына каршы аракет кылган күч бар.

Бийлик Палестина калкын, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн жарткычтык менен, мыйзамдуу негизсиз, кылмыштуу топторду ишке салып камакка ала баштады. Бардык адамдарга ушул нерсе шексиз айкын болуп турат, Хизб мүчөлөрү Махмуд Аббас Палестинага Америка жетекчилигиндеги НАТО күчтөрүн алып кирүүнү суранганына каршы саясий пикир билдиришкен. Бийлик жооп катары февраль айында эле жүзгө жакын Хизб жигиттерин камакка алды жана алардын ондогону камактарда дале кармалып турат.

Бийлик, коопсуздук күчтөрү жана айрым акимдер өздөрү мактанып жаткан мыйзамды тебелеп-тепсөөдө о.э. мыйзамга тескери иштерди жасоодо, ал көрүнүштөрдүн айрымдары ушулар:

1 –   Тулкармдан Ахмад Якуб. Үстүбүздөгү жылы 2-февраль күнү түндө чалгындоо кызматы тарабынан камакка алынган жана анын иши прокуратурага да, сотко да өткөрүлбөгөн, 13-февраль күнү Наблустагы «Жанин» камагына которулган, 19-февраль күнү болсо Урайхадагы камакка тапшырылган. Ал дагы эле камакта калууда.

2 –   Тулкармдан Халил Махмуд жана Имад Жамил, Кафинден Махир Али. Үстүбүздөгү жылы 7-февраль күнү чалгындоо кызматы тарабынан колго алынган жана эки күндөн кийин сот аларды күрөөгө камактан чыгарган. Бирок, арадан эки саат өтүп чалгындоо кызматы аларды кайра камакка алган жана 13-февраль күнү аларды Наблустагы «Жанин» камагына өткөргөн. Кийин бул жигиттер 19-февраль күнү Урайхадагы камакка жөнөтүлгөн жана дагы эле ошол жерде камакта кармалып турушат.

3 –   Силфит районундагы Бадядан профессор Шахир Исаф, Айман Махмуд, Ахмад Мустафа. Алар 25-февраль күнү камакка алынган жана иши сотко ашырылбай, губернатордун талабы менен полицияда убактылуу кармалып турат.

4 –   Доктор Ислам Ибрахим жана Жадуллах Абдуррахим. Алар Россия өкүлчүлүгү менен жолугушары артынан үстүбүздөгү жылдын 22-февраль коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынган. 25-февраль күнү сот аларды күрөөгө азат кылууга макулдук берген. Бирок, прокурор басымы менен сот токтомунан баш тартып, азат кылуу макулдугун бекер кылган. Алар дагы эле коопсуздук кызматында кармалып турушат.

5 –   Хизб-ут-Тахрир–Палестинанын басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү доктор Мисъаб Абу Аркуб да 17-февраль күнү камакка алынган, соттун азат кылуу токтомуна карабастан, ошондон бери Халилдеги коопсуздук кызматында губернатордун талабы менен кармалып турат.

6 –   Хизб-ут-Тахрир–Палестинанын басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү Бахир Салих 27-февраль күнү иш ордунан уурдалып, белгисиз тарапка алынып кетилген.

Билдирүүбүздүн соңунда Палестина калкына, коомчулукка, адам укуктары уюмдарына, маалымат каражаттарына, окумуштуу жана урууларга ушуну баса белгилеп айтабыз, эгер алар бийликтин мындай мункар иштерин кайтарбаса о.э. башаламандык, коопсуздук кызматынын бейбаштыктары алдында бекем каршы чыгышпаса Палестинасыз калышат, малдары да, күч-кубаттары да, үйлөрү да калбайт. Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, Палестина калкынын алдыңкы сабында туруп, милдетибизди аткарып жатабыз. Бизди режим жана анын зөөкүрлөрү таптакыр коркута албайт, канчалык курмандыктарды берсек да Аллах фарз кылып белгилеген, Расулу убада кылган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу нусрат жана үстөмдүк беришине бекем ишенебиз жана жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпойбуз. Ушул Халифалык мамлекети Палестинаны, бардык исламий өлкөлөрдү азат кылат жана бул Аллах үчүн таптакыр кыйын эмес.

»Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү жана Аллах бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон»                [65:3]

Телефон: 0598819100

Электрондук почта: info@pal-tahrir.info

Палестинадагы басма сөз бөлүмүнүн сайты: www.pal-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here