Украина Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болуу үчүн кайрылуу жасамакчы. Бул тууралуу крым татарлардын жетекчилеринин бири жана элдик депутат Мустафа Жамилев кабар берди.
Жамилев эки күн мурда Саудияда ошол уюмдун башкы катчысы менен жолугушкандыгын кабарлады. Жолугушуу маалында Украинанын уюмга мүчө болуу маселеси талкуу кылынган.
Жамилевдин айтымында, Ислам кызматташтык уюмунун жетекчилиги жогорудагы маселе боюнча Украина расмийлери арыз менен кайрылышы керектигин айткан.
“Ошол себептен улам, мен жетип келерим менен Яценюк менен жолугуштум. Азыр буйрук даярдалууда. Бул өтө маанилүү, себеби, 56 мамлекетке таасир өткөрүүгө, экинчиден болсо, жетиштүү күч-кубатка ээ болгон Исламий банктын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга мүмкүн болот”, – деди Жамилев.
О.э. Украина Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысынын колдоосуна таянышы мүмкүн экендигин айтып өттү. “Башкы катчы колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди, ал эми бул уюмда токтомдор бир добуштан кабыл алынышын да айтып өттү. Проблемалуу мамлекеттер да бар. Таасир күчүнө ээ болгон жана көп нерселер алар кабыл алган токтомго байланыштуу болгон Саудия, Түркия жана Иран сыяктуу мамлекеттер да бар. Ал эми биз Украинаны кабыл алышат деп үмүттөнөбүз”, – деди Жамилев.
О.э. июнь айыда болуп өтүүчү Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна чакырышкандыгын кошумчалап өттү.