Salem Jaradat тарабынан берилген жин жана аны менен адам ортосундагы алака жөнүндөгү суроого жооп

473
0

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, урматтуу шейх!

Белгилүү болгондой, акыйда жаатындагы далил – аклий же наклий болот.

Жиндердин бар экенине аклий ыйман келтирүүгө алып барган эч кандай маддий (материалдык) далил жок, ошондуктан, наклий далил бар экени үчүн гана ыйман келтирилет. Мындан улам, ушундай суроо туулат: уламалардын жиндер менен адамдар ортосундагы маддий алака бар экени жөнүндөгү сөздөрү жогорудагыларга кандай туура келет? Алардын: жиндердин алакасы бар, алар кишиге оору же кыйынчылыктар (мисалы, адамдын ишке жөндөмдүүлүгү токтошу) сыяктууларды жеткириши мүмкүн деген сөздөрү кандай туура болот?

Жин «тийиши» жана ушуга окшош нерселер туурасында варид болгон аяттар жана хадистер – эгер, аларды ушул уламалардын түшүнүгү боюнча түшүнүү мүмкүн эмес болсо – кандай түшүндүрүлөт?

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

1 –   Жиндер бизге көрүнбөй турган гайб нерселерден саналат. Аллах Субханаху айтат:

«Ал жана анын малайлары силерди өзүңөр билбей тургантараптан көрүп турушат» [7:27]

 

т.а. Иблис жана анын коуму, башкача айтканда, жиндер. Себеби, Иблис жиндерден саналат:

«Иблис гана (сажда кылбады). Ал жиндерден эле»                                                    [18:50]

 

2 –   Жиндердин васваса кылышы (азгыруусу) биз менен алардын ортосундагы алаканын негизин түзөт. Аллах Таала айтат:

«Кийин шайтан аларды васвасага салды»                                                                  [7:20]

 

«Андан соң шайтан аны васвасакылды»                                                                 [20:120]

 

Бул жерде шайтан – Иблис. Ал эми, Иблис жиндерден болот.

3 –   Шайтан адам үстүнөн эч кандай өкүмдарлыкка ээ эмес. Адам шайтанга өз ыктыяры менен гана ээрчисе, шайтан адамга өкүмдар болуп алат. Аллах Таала айтат:

«Качан, иш аяктаган соң (т.а. бейиш калкы бейишке ылайык болуп, тозокулар тозокко өкүм кылынган соң), Шайтан мындай деди: Албетте, Аллах силерге чын убада кылган эле. Мен болсо (жалган) убадаларды берип, силерди алдаган элем. (Бирок), мен үчүн силердин үстүңөрдө эч кандай өкүмдарлык жок эле, бирок, мен силерди (куфр жолуна) чакырышым менен эле өзүңөр мага моюн сундуңар»                                                                                                    [14:22]

«Анык, Менин пенделерим үстүндө сен үчүн эч кандай өкүмдарлык жок, бирок, сени ээрчиген адашкан кимселерди гана (бул туура жолдон азгыра аласың)»                                     [15:42]

 

«(Эй момун пендем), ар качан Куръан кыраат кылсаң, албетте кубаланган-каргышка калган шайтандан(азгырыгынан) Аллах баанек беришин сурагын! Албетте, ыйман келтирген жана жалгыз Жаратканга тобокел кылган заттардын үстүнө (Шайтан) үчүн эч кандай өкүмдарлык жок. Анын (Шайтандын) өкүмдарлыгы жалаң(аны) дос тутуп, (Аллах)ка шерик кылып алган адамдар үстүндө»                                                                                                  [16:98-100]

 

4 –   Аллах Субханаху баян кылган мына ушул түпкү-негизги алакадан башкача кандайдыр бир маддий алака да бар деп айтылса, муну түшүндүрмөлөп берген өзүнө таандык насс болушу керек. Эгер, андай абал жөнүндө бирер насс бар болсо, ошол насска ылайык ошол абалга ыйман келтиребиз.

Мисалы, Сулайман \дын жиндер үстүнөн өкүмдарлык кылышын, аларды буйрушун жана кайтарышын алып көрөлү, бул туурасында насс варид болгон, ошондуктан, буга ыйман келтиребиз. Аллах Таала «Намл» сүрөсүндө Сулайман \ жөнүндө мындай дейт:

«Сулайман айтты: Эй адамдар, алар менин алдымда моюн сунуп келүүлөрүнөн мурун кайсы бирөөңөр мага анын (т.а. Билкийстин өз шаарында калган) тактысын алып келе алат. (Ошондо) жиндердин бир балбаны айтты: Мен аны сен ордуңдан турушуңдан мурун сага келтиремин. Албетте, менин буга кудуретим жетет жана ишеничтүүмүн»         [27:38-39]

 

«Сулайманга эртең менен бир айлык, кечке маал бир айлык (аралыкты басып өтө турган) шамалды (моюн сундурдук) жана ал үчүн мис булагын агызып койдук. Дагы жиндерден да Роббинин изни менен анын кол астында иштей турган кимселерди (моюн сундуруп койгонбуз). Алардан ким биздин буйругубуздан тайса Биз ага от азабынан таттырып коёбуз. Алар (Сулайманга жезден) ал каалаган нерселерди — ибадатканаларды, айкелдерди,(чоңдугу) көлдөрдөй табактарды жана (очокторго)орношкон (оор) казандарды жасап беришет. (Эй) Давуд үй-бүлөсү, (Аллах силерге берген бул неъмаьттардын) шүгүрү үчүн таат-ибадат кылгыла! Пенделерим арасында шүгүр кылуучу аттар өтө) аз»»   [34:12-13]

 

5 –   Расулуллах A ар кандай маддий окуяны башарий мамилелер түркүмүнөн деген этибарда караган. Жиндердин бул мамилеге алакасы бар экени жөнүндө вахийде бирер атайын насс варид болбогон болсо – негизи, бардык окуялар мына ушундай болот – Расулуллах A башарий мамилелер түркүмүнөн деп караган. Мисалы, бир өлтүрүлгөн киши табылды дейли, мында бул туурасында бирер насс варид болгон болсо гана зээн аны жиндер өлтүргөн деген ойго барат. Хайбарда өлтүрүлгөн кишинин окуясында да ушундай болгон. Анда аны өлтүргөн адам изделди, шектенүү жиндерге түшкөн жок:

Муслим өз Сахихинде риваят кылышынча, Абдуллах ибн Сахл жана Мухайяса экөөсү бир кыйынчылык себептүү Хайбарга чыгышты. Ошондон кийин Мухайяса келип Абдуллах ибн Сахлдын өлтүрүлгөнүн жана булакка же кудукка ташталганын кабар кылды. Ал яхудийлердин алдына келип: Аллахка ант болсун, аны силер өлтүрдүңөр, деди. Яхудийлер: Аллахка ант болсун, аны биз өлтүрбөдүк, дешти. Ошондон бул окуя Расулуллах Aга жетип барды. Расулуллах A:

«إِمَّا أَنْ يَدُوا صَاحِبَكُمْ وَإِمَّا أَنْ يُؤْذِنُوا بِحَرْبٍ»

«Же алар боордошуңдун кунун төлөшөт же аларга каршы согуш жарыяланат», деди. Кийин Расулуллах A бул туурасында яхудийлерге кат жиберди. Алар: Аллахка ант болсун, аны биз өлтүрбөдүк деп жооп жазып жөнөтүштү…». Бул кысса белгилүү. Бул окуяда муну жиндер кылган деген талкуу таптакыр болбогон.

6 –   Ушуга ылайык, жиндердин окуяга маддий алакасы бар экенин камтыган насс келбеген болсо, демек, жиндер менен адамдардын ортосундагы алака васваса алакасы гана болуп калат, андан ары өтпөйт.

Расул Aдын рисалаты – рисалаттардын жыйынтыктоочусу. Ошондуктан, андан кийин вахий үзүлгөн. Демек, жаңы нусус келбейт. Ошондуктан, биз менен жиндердин ортосунда эч кандай маддий алака жок, тескерисинче, алар васваса гана кыла алат. Айтып өткөнүбүздөй, адам өз ыктыяры менен гана жиндердин васвасасына ээрчисе, мына ошондо бул васваса анын үстүнөн өкүмдар болуп алат.

Хулафаи рошидиндер доорунда да маддий иштер мына ушундай чечилген. Ошондуктан, эч бир маддий окуяда – адам өлтүрүү болобу, уурулук, шылуундук же жалганчылык болобу – адамдын күмөнү, ойу бул нерсени жин кылган деген нерсеге барган эмес. Себеби, жиндердин алакасы васваса гана чектелген. Эгер, атайын насс варид болгон болсо, ошондо жиндерге ой барышы мүмкүн. Бирок, Расулуллах Aдан кийин эч кандай атайын насс келбейт. Демек, бардык маддий окуялар жиндер тарабынан эмес, адам тарабынан жүз берет. Жиндердин дүйнөсү башка, биздин дүйнөбүз башка. Ошондуктан, алар менен биздин ортобузда бир гана васваса алакасы бар.

Ушуга ылайык, эгер адам ооруп калса жиндердин буга алакасы жок, оору Исламда варид болгон нерсеге т.а. дарыланууга ылайык дабаланат.

Дабалануу маддий болушу мүмкүн. Мисалы, Усама ибн Шурайк аркылуу риваят кылынган хадисте ал мындай дейт: Мен Набий Aдын алдына келдим. Ал кишинин сахабалары кудум башына куш конуп алгандай олтурушкан экен. Мен салам берип отурдум. Ошондо ар тараптан аърабийлер келишип: Я Расулуллах, дарылансак болбу? – деп сурашты. Пайгамбарыбыз A:

«تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلاَّ وَضَعَ لَهُ دَوَاءً غَيْرَ دَاءٍ وَاحِدٍ الْهَرَمُ»

«Дарылангыла, себеби, Аллах Азза ва Жалла бирер дарттыберген болсо, албетте, анын дабасын да берген. Бирок, бир дарттын – өлүмдүн гана дабасы жок»

О.э. дабалануу дуба же рукя менен болушу мүмкүн. Муслим уммул муъминин Айша I аркылуу риваят кылган хадисте ушулар варид болгон: Расулуллах A рукяны минтип окуган:

«أَذْهِبْ الْبَاسَ رَبَّ النَّاسِ بِيَدِكَ الشِّفَاءُ لاَ كَاشِفَ لَهُ إِلاَّ أَنْتَ»

«Эй адамдар Роббиси, ооруну кетир, шыпаа Сенин колуңда,аны (ооруну) Сен гана арылтасың». Ушуга окшогон Куръан жана Сүннөттөн алынган дубалар менен же Куръан жана Сүннөткө ылайык болгон ар кандай дуба менен дабаланат.

Ал эми, жиндер менен маддий алакам бар деген кимселерге дабалануу үчүн кайрылууга келсек, мунун баары – баёо адамдарды алдап, алардын мүлкүн талап-тоноп жеген алдамчылардын (дажжалдардын) жалганынан жана шылуунунан башка нерсе эмес.

7 –   Эми (المس) «тийген» сөзү көрсөтүлгөн аяттын тафсирине келсек, сиз Бакарадагы 275-аятты назарга алып жаткан көрүнөсүз:

«Сүткор болгон адамдар (Кыямат күнүндө мүрзөлөрүнөн)турушпайт, бирок, жин тийген-акылдан азган (кем акыл)сымал турушат. Буга себеп алардын: «Соода да сүткорлуктун өзү го?» – дешет. Акыйкатта болсо, Аллах сооданы адал, сүткордукту арам кылды»      [2:275]

 

1 –   Аллах рибаны (сүткордук) жеген кимсени жин тийген адамга окшотту: турат, кайра жыгылат, кадам шилтесе чалынат, олтура албайт, тура албайт. Келесоолук аны бүтүндөй ээлеп алат, себеби ал рибаны соода деп эсептеди. Негизи, Аллах рибаны арам, сооданы адал кылды.

үткор болгон адамдар) т.а. рибаны алышат. Ал риба менен пайда көрүүнүн бардык түрү үчүн умумий саналат. Куръани Каримде (tbqè=à2ù’tƒ) «жеген» сөзү мазаммат кылуу (жемелөө) үчүн колдонулган.

«Жетимдердин малдарын зулум жолу менен жеген кишилер, шек-күмөнсүз кара курсактарына от-жалын жеген болушат»                                                                    [4:10]

 

(Мына ушул дүйнө тирүүлүгүнүн убактылуу ырахаттарынан)пайдаланып, үй-айбандары жегендей жеп-ичишет жана тозок алардын жайы болот!»                                        [47:12]

 

Ушул аяттарда бул сөз («жеген») жогоруда айтылган мааниде келген.

(Турушпайт) т.а. Кыямат күнүндө.

(Бирок, жин чалган-акылдан азган (акылы кем) сыяктуу турушат) т.а. алар кабырларынан тирилип, кудум бул дүйнөдөгү келесоо сыяктуу орундарынан турушат. Алар үчүн бул нерсе ошол күндөгү бир шерменделик болот. Бул болсо, рибадан катъий кайтарылганына карина болуп эсептелет. Рибанын арамдыгы бул аяттарда байма-бай баса белгиленген.

(Акылдан азган), т.а. келесоолук. Акылдан азган адам жинди деп айтылат.

(Бирок, жин чалган-акылдан азган сымал турушат),аятынын тафсиринде бир нече риваяттар варид болгон. Алардан рожихи (күчтүүсү) ушул, адам жинди болуп калса шайтан васвасалары аркылуу ага чоң таасир өткөрө турган болуп калат. Натыйжада, жин бул адамды келесоо кылып, анын оюна көп нерселерди келтирет.

Ал эми, шайтан аны жинди кылат деген сөзгө келсек, аят андай деген жок. Себеби, Аллах Субханаху «жин тийет» т.а. шайтан аны жинди кылат дебеди, тескерисинче аят:

(жин чалган акылы кем), деп жатат т.а. шайтан аны жиндилиги себептүү чалып жатат т.а. мурун жинди болот, ошондон кийин шайтан чалат.

Менин назарымда аяттын тафсириндеги рожих раъй мына ушул. Ошондуктан, риба жегендин мисалы шайтан жиндилик себептүү чалган кимсенин мисалына окшойт. Т.а. адам бирер себепке ылайык жинди болот, ошондон кийин аны шайтан васваса жана түрдүү ойлорго салышы менен чалат.

Демек, шайтан адамды келесоо т.а. жинди кыла албайт, антпесе аят карима «шайтан жинди кылып чалган кимсе» демек. Бул мисал риба жегендин кылмышы кандай гана катуу экендигин көрсөтүү болуп эсептелет.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта                                             

  15сафар, 1435х.

  18декабрь,2013м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here