ХИМИЯЛЫК ЗАПАСТАР ЖҮКТӨЛГӨН КЕМЕ ЖОЛГО ЧЫКТЫ

268
0

БУУ жана «Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму» тарабынан белгиленген Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу миссиясынын атайын координатору Сигрид Кааг өзүнүн жазма баянатында химиялык заттардын жок кылынышына байланыштуу иштер тездик менен жүрүп жатканын билдирди.

Химиялык заттар Лазкия портуна жеткирилгендигин жана бул жерде Данияга караштуу соода кемесине жүктөлгөндүгүн маалымдаган Кааг бул кеме Дания, Норвегия жана Сирия аскерий кемелеринин коштоосунда жолго чыккандыгын билдирди. Ал: “Бул химиялык заттарды жок кылуу үчүн Сириядан тышкары алып чыгуунун башталышы”, – деди.

Каагдын маалымдашынча, жолго чыккан кеме химиялык заттар жүктөлгөн башка кемелердин да жетип келишин күтүп турат. Кытай, Дания, Норвегия жана Россия тарабынан жөнөтүлгөн аскерий кемелер деӊиз коопсуздугун камсыздайт.

«Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун» планы боюнча Дания жана Норвегия кемелерине жүктөлгөн химиялык заттар Италия портторуна жеткирилет. Ал жерден “жок кылышы үчүн” АКШ кемелерине тапшырылат.

Химиялык заттардын чоӊ бөлүгү АКШнын “Кабо Рэй” кемесине жүктөлөт. Калган заттар уулуу калдыктарды кайрадан иштете турган коммерциялык станцияларга, ошону менен бирге Британия станциясына жеткирилет.

«Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун» маалымат катчысы Майкл Лухан химиялык куралдарды чет өлкөгө алып чыгып кетүүгө активдүү аракет кылып жаткан Асад режимин алкыштады.

Ал: “Сирия өкмөтүнүн акыркы убактагы кээ бир аракеттери бизди курсант кылды. Химиялык заттарды болушунча тезирээк алып чыгып кетишибиз үчүн режимдин бул аракеттери тартиптүү көрүнүштө улана берет деп үмүттөнөмүн”, – деди.

Туркистон: БУУ Коопсуздук кеӊеши тарабынан чыгарылган Сириядагы химиялык куралдарды тышкарыга алып чыгып кетүү токтому Ислам жана мусулмандарга каршы чыгарылган токтом болуп эсептелет. Ошондуктан да бардык куфр мамлекеттери бул токтомду бир добуштан кабыл алышты. Себеби, алар Башар Асад кулайын деп калгандыгын жана ал кулагандан кийин бул курал мусулмандардын колуна өтүп кетишин жакшы билишет. Мына ушул нерсе Израилдин да тынчын алууда. Алардын максаты күч-кубатка себеп боло турган куралдарды мусулмандар өлкөлөрүнөн тартып алуу.

Дүйнөнүн түрдүү бурчтарында мусулмандар эле эмес бүтүндөй адамзатка карата кыргындарды ишке ашырып жаткан кафир Батыш жана баскынчы яхудий мамлекетинин складдары химиялык куралдарга толгон. Булар тууралуу эч ким үн катпайт.

Тогут Асад да кожоюндарынын талабына оӊой эле ыраазы болду. Акыйкатта болсо, химиялык курал үммөттүн мүлкү болуп эсептелет. Үммөт душманынан коргонуу үчүн бул куралдын акчасын маӊдай тери менен төлөп койгон.

Бул кафирлер Асаддын мусулмандарга карата химиялык курал колдонгонун шылтоо кылып, бул аркылуу өздөрүн кудум Сирия калкы үчүн кайгырып жаткандай кылып көрсөтүп жатышат. Түпкүлүгүндө болсо, мына ошолор химиялык куралды колдонуу үчүн Асадга жашыл чырак жагып беришкен эле. Химиялык куралдан 1400 чакты адам өлгөн болсо, башка куралдардан 140 миӊдей адам өлгөн. Кала берсе, канкор Асад Гутадан мурун да АКШ жана Батыштын көз алдында химиялык куралды колдонду. АКШ жана Батыш булардан кабарсыз деп ойлойсуӊарбы?!

 Киямуддин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here