РОССИЯ УКРАИНАГА БЕРҮҮЧҮ ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН БААСЫН КӨТӨРДҮ

256
0

Россия Крымды өзүнө кошуп алгандан кийин Украина менен ортосундагы абал курчуп бара жатат. Россиянын “Газпром” компаниясы Киевге экспорт кылынуучу газдын баасын көтөргөндүгүн маалымдады. Ушул убакытка чейин миӊ кубометр газдын баасы 268,5 доллар кылып белгиленген болчу. Мындан кийин Украинага сатылуучу миӊ кубометр газдын баасы 385,5 доллар кылып белгиленди.

Компания башчылыгы берген билдирүүдө, 1-апрелден баштап жаңы белгиленген баа боюнча сатыла тургандыгы маалымдалды.

“Газпром”дун жетекчиси Алексей Миллер: “Украинага 268,5 долларга сатылуучу миӊ кубометр газдын баасы 1-апрелден баштап 385,5 долларга көтөрүлдү”, – деди.

Украина Россиядан карызын үзө албай жаткандыгы жөнүндө сөз кылган Миллер Киевдин энергия боюнча 1 миллиард 711 миллион доллар карызы бар экендигине басым жасады.

Ошол эле убакта НАТОго мүчө 28 мамлекеттин тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулушкан. Жыйындан максат Украинага жардам берүү маселесин кеӊешүү экендиги айтылууда.

О.э. жыйындын күн тартибине Прибалтика мамлекеттеринде туруктуу аскерий базаларды жайгаштыруу маселеси да киргизилген. Себеби, Россиянын Украинага карата кылган иштери Эстония, Латвия жана Литва мамлекеттеринин да тынчсыздануусуна себеп болууда.

Бүгүнкү күндө Прибалтика мамлекеттеринин аба чегараларында НАТОнун бомбалоочу учактарынын патрулу жолго коюлган, бир нече НАТО мамлекеттери регионго дагы да көбүрөөк аскерий учак жиберүү сунушу менен чыгышкан.

Туркистон:

Россиянын Крымга карата уюштурган баскынчылыгы, дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусуна себеп болду. Проблема анын баскынчылыгында эмес, себеби, бул алар үчүн адаттагы эле көрүнүш. Проблема Россиянын баскынчылык ыкмасында.

Албетте, мурда кудум ушул сыяктуу иштер АКШ тарабынан бир нече жолу ишке ашырылган эле. Мисалы, Югославия проблемасында Косово маселеси боюнча, Ирак жана Афганистанды басып алышында ж.б…. Бирок, Ангела Меркел айткандай, Россия өз мүмкүнчүлүктөрүнө туура баа бере албай жатат. Балким, туура баа берип жаткандыгынан ушул иштерге барып жаткандыр. Туура баа мындай, дүйнөлүк система бир нече мамлекеттердин кызыкчылыктары айланасында айлана бере турган болуп калды. Россия ушул мамлекеттер сабынан сүрүп чыгарылууда. Ал кудум колунда куралы бар, бирок эч кимге кереги жок болгон аскерге окшоп калды. Мындай абал болсо аны эртеби-кечпи албетте тизе бүктүрөт жана бирер мамлекет же уюмдардан түзүлгөн механизмдерге көз каранды кылат. Бул убакыттын гана иши. Россия өзүнүн ушундай абалга түшүп калышында да, аны ушул жолунда күтүп жаткан эртеӊки күнүндө да мына ушул дүйнөлүк система айыптуу деп билет. Ошондуктан ал эл аралык системаны “мага пайдасын тийгизбеген, тескерисинче ар тараптуу коркунуч туудуруп баштаган бул системаны жана анын жашыруун же ашкере мыйзам-эрежелерин бузуп жиберемин” деп эскертти. Бул система жана анын баалуулуктары жетекчи мамлекеттер үчүн өтө маанилүү. Алар бүт дүйнөнү ушул жалган баалуулуктар негизиндеги чириген демократияга негизделүүчү система менен башкарышат жана өтө чоӊ пайдаларга ээ болуп келишет. Россия муну билген абалында, аларды кыйын абалга салып койду. Россия бул күрөшкө чыгууга мажбур болду, максаты мурдагыдай шериктикти кайтаруу жана өзүнө болгон этибарсыздыкты жокко чыгаруу. Батыштын проблемасы да ушунда, ал Россия менен келишмекчи, ошону менен бир катарда эл аралык нормаларды да өз ордунда кармап калышы керек. Учурда ушул маселе алардын башын катырууда. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here