«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн(итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул(убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кимселер» [24:55]
Басма сөз баянаты
Россия мусулмандарына каршы жасалмалаштырылган кылмыш иши боюнча чыгарылган кезектеги сот өкүмү
Дагистандагы Кизляр соту 2014-жылы 18-февралда Карташов Магомед жана Абдулмуминов Мурад үстүнөн адилетсиз өкүмдөрдү чыгарды. Бул эки мусулман Россия федерациясынын кылмыш кодексинин 1-бөлүк 318-беренеси (бийлик өкүлдөрүнө каршы зомбулук) боюнча 3 жылга колония поселениеге өкүм кылынды.
Эске сала кетмекчибиз, бул иш Кизлярда 2013-жылы 27-апрелде жолдо бара жаткан той кербенин токтотуп, камакка алынган убакта башталган. Ошол күнү той маарекесинде катышып жаткан мусулмандар ур-токмокко алынып, райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткен. Полиция офицерлеринин айтымына ылайык, «жогорудан» буйрук келгенинен улам бул камакка алууларды башташкан. Мына ошондон кийин Дагистан ички иштер министрлигинин басма сөз бөлүмү жалган сөздөрдү тарата баштады. Министрликтин айтымында Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү «качууга урунушкан» имиш. Бул да жетпегендей жарааттанган төрт мусулманга полиция офицерине кол салуу айыбы да жабыштырылды. Камакка алынган башка эки мусулман: Микатов Микат жана Сулейманов Шапи 3 жылга эркинен ажыратылды.
Судья сот учурунда полиция офицерлеринин жалгандарын колдоп-кубаттап, күбөлөрдүн бири-бирине тескери сөздөрүнө атайын көз жумду. Судья эксперттердин таякталган деп айтылып жаткан полиция офицерлеринин денесинде эч кандай таяктоо издери жоктугу жөнүндөгү тыянактарына да көз жумду. Судья ошол окуяны тасмага тартып алган видеонун жоголуп кеткенине да көз жумду. Бирок, коргоо тарап сот алдына ошол тойго чакырылгандардын бири тасмага тартып алган видеону көрсөткөндө судья күбөлөрдүн сөздөрүн төгүнгө чыгарган акыйкаттарды «көрбөй» калды. Негизи, ушул видеодо айыпталуучу Карташов полиция офицерлери тарабынан таякталып жатканы ачык-айкын көрүнүп турат. Бул абал судья каралоочу тарап менен тил бириктиргенине далил болду.
Белгилүү болгондой, айыпталган мусулмандар Исламга даъват кылып жаткан калыс кишилер жана Исламдын бекем коргоочулары эле. Өзгөчө Карташов Магомед Ислам жана мусулмандарды коргоо митингдерин уюштаргандардын бири болчу. Ошентип, бул сот кылмыш эмес, тескерисинче, Исламды жана анын баалуулуктарын коргоого тынч жол менен чакырып жаткан мусулмандарга каршы саясий сот экендиги ачыкталды. Бул сот бийлик менен тил бириктирип, кул болуп баш ийишин да дагы бир жолу далилдеди жана бул сот тогуттардын зулумуна дагы бир хужжат болду.
Аллах Субханаху ва Таала айтат:
«(Эй Мухаммад), сен эч качан: Аллах залим кимселердин кылып жаткан амалдарынан кабарсыз, деп ойлобогун! Жалаң Аллах аларды(н жазаларын) көздөр (коркунучтан)катып кала турган күнгө гана калтырууда. (Ал күнү) алар баштарын (асманга) көтөрпгөн абалдарында (чакырган тапака эсеп-китеп үчүн) чуркашат. Көздөрү өздөрүнө кайтпайт (т.а. коркуудан катып калып, өздөрүнүн кандай абалда экендиктерин да көрүшпөйт). Дилдери (коркунучтан)боп-бош болуп калат» [14:42]
Хизб-ут-Тахрирдин
Россиядагы басма сөз бөлүмү
Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info
Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com