Суроо:
Ассаламу алайкум урматтуу шейх.
«Халифалык мамлекетинин жихазы» китебинде, аныгы 31-бетте талапкерлер санын чектөө туурасында келген абзацта мындай делет:
«Кийин Абудуррахман ибн Авф бешөөсү менен талкуулашып, калган үчөөсүнөн вакалат алып, Али менен Усмандын талапкерлигине токтоду. Андан кийин, адамдардын пикирин карап чыкты, алардын пикири Усмандын халифа болушуна келип токтоду». 33-бетте мындай делет: «Абдуррахман… Бар, мага Али менен Усманды чакырып кел деп… Кийин Алинин колун кармап…».
Эмне үчүн ал Усман халифалыкка дайындалып туруп Алинин колун кармады?
Боордошуңуз… Буазизий.
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Абдуррахман ибн Авф Gга ушул нерсе айкын болду, эгер Али G өзү туш келген бирер маселеде – бул маселе Абу Бакр G жана Умар Gлар доорунда да жүз берип – алар чыгарган өкүм менен өкүм кылса, адамдар анын халифа болушун каалашкан эле. Али G буга ыраазы болбоду. Усман G болсо ыраазы болду. Мына ушул убакта Усман G халифа болуп дайындалды.
«Умар да мусулмандарга алты кишинин талапкерлигин көрсөтүп, алардын арасынан бирин халифа кылып шайлап алуулары үчүн алардын санын алтоого чектеди. Кийин Абудуррахман ибн Ауф бешөөсү менен талкуулашып, калган үчөөсүнөн вакалат алып, Али менен Усмандын талапкерлигине токтоду. Андан кийин, адамдардын пикирин карап чыкты, алардын пикири Усмандын халифа болушуна келип токтоду». Бул сүйлөм Усман кеңешүү аркылуу халифа болуп дайындалганын түшүндүрбөйт, тескерисинче, Али (Абу Бакр жана Умардын ижтихады менен өкүм кылууну) четке каккан соң, ал киши буга ыраазы болду, ошондон кийин халифа болуп дайындалды.
Сизге белгисиз болгон нерсе ушул, сиз «Адамдардын пикирин карап чыкты» сөзү менен «Алардын пикири Усмандын халифа болушуна келип токтоду» сөзү ортосундагы атф кылуучу харф болгон «вов»ду тартипти жана окуянын дароо болушун түшүндүрөт деп ойлогонсуз. Бирок, андай эмес, атф кылуучу «вов» бир гана байлоочу харф болуп да келет. Эгер, сиз « جاء عمر وخالد Умар жана Халид келди» деп айтсаңыз бул алардын бирге келгенин жана биринин артынан экинчиси келгенин түшүндүрбөйт, кээде алардын келиши ортосунда айырма убакыт болот т.а. бири бешимден мурун, экинчиси бешимден кийин келген болот.
«Абдуррахман ибн Авф адамдардын пикирин карап чыкты» сөзүндөгү карап чыгуу түндөсү болгон жана «алардын пикири Усмандын халифа болушуна келип токтоду» таңда багымдат намазынан кийин, Али жана Усман суроого жооп бергенден кийин болгон.
Айкындык киргизүү үчүн ушуларды айтабыз:
- Абдуррахман адамдардын пикирин карап чыгып, эгер алардын шартына ыраазы болсо Алинин халифа болушун каалашын, эгер ал ыраазы болбой Усман ыраазы болсо Усмандын халифа болушун каалашын билди.
- Андан кийин Абдуррахман Али жана Усманды мага чакырып кел деп айтты. Кийин Алиге шартты сунуш кылганда ал шартка ыраазы болбоду, Усманга сунуш кылганда Усман ыраазы болду.
- Мунун натыйжасында алардын пикири Усмандын халифа болушуна келип токтоду.
Маселе айкындашты деп үмүт кыламын.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта
17-робиус-саний, 1435-х.
17-февраль, 2014-м.