«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн(итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул(убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кимселер» [24:55]
Басма сөз баянаты
Ричард Литтлжон «Daily Mail» гезитинде:
сөз эркиндиги душмандыкты козгоо үчүн колдонулуп жатканда…
2014-жылы 18-февралда «Daily Mail» гезитинде «Мужахиддердин балдары Леголенд оюн-зоок багында» деген аталышта чыккан Ричард Литтлжон келемине таандык макалада Леголенд оюн-зоок багында уюштурууга чечим кылынган «Үй-бүлөлүк кубаныч күнүндө» катышуучуларды (уюштуруучуларды, жардам бергендерди жана келгендерди) «экстремисттер» жана «террористтер» деп аталган. Макаланын автору «мусулман – эркек болобу, аялбы – өз динине канчалык көп амал кылса зомбулук жана өлтүрүү аракеттерине ошончолук жакын болот» деген туура эмес элести берген.
Британиядагы Хизб-ут-Тахрир басма сөз бөлүмүнүн өкүлү Тажи Мустафа ушуларды баян кылды:
1 – Шек-күмөнсүз, бул макала жогоруда айтылган иш-чараны уюштургандарды, аларга жардам берген кишилерди, ошол күнү барууну пландаштырып жаткан адамдарды жаман көрсөтүүгө болгон бир аракеттен башка нерсе эмес. Макалада мусулмандар «душмандыкты жайган ислам үгүттөөчүлөрү» деп сүрөттөлгөн. Кала берсе, макала автору айрым кишилерди «Daily Mail» гезитинин окурмандары кылмышкерлер деп билген кишилерге байлоо аркылуу алардын аброюн булгоого да урунган.
2 – Шек-күмөнсүз, бул макала Исламга амал кылып жаткан мусулмандарды маскаралоо менен коомдун кээ бир катмарларында мусулмандарга каршы душмандыкты козгойт. Макала катышуучуларга «алар жардыруу, өлтүрүү, жок кылуу жана өзүн жардырып чабуул кылуулар сыяктуу бир катар зомбулук амалияттарын ишке ашыруучу кимселер» деген тамганы жабыштырууга аста-секин өтүүдөн мурун «кубаныч күнүн» маскаралап багымдат намазына жана «эки жыныс бири-бирине аралаш болбошуна» окшотуу менен башталат. Литтлжон макалага ачыктан-ачык текчилик түсүн берген, муну «Ram Jam Choudary» сыяктуу куру кыял аттарды жана котлет сендвичтер, кебаб жана доңуз эти жөнүндөгү бир нече «анекдотторду» көрсөтүү аркылуу кылат.
Өз кыжырдануусун Исламий уюм менен соода келишимин түзгөн оюн-зоок багына төгүп салган оңчул экстремисттер өздөрүнчө Литтлжон көрүнүшүндө бир жаңы каарманды таптык деп ойлоп жаткан болушу да мүмкүн.
3 – Бул макала Исламга каршы көп жылдардан бери уланып келип жаткан чабуулдар ичиндеги чабуулдан башка нерсе эмес. Бул чабуулдардан мусулмандарды террор кылып, аларды коркутуп өз динин жана баалуулуктарынын айрым бөлүктөрүн таштоого, акыбетте илманий либералдарга айланып калууга мажбур кылуу көздөлгөн. Кээ бир саясатчылар жана изилдөө мекемелери өз динине амал кылган мусулмандарды «экстремисттер» жана «исламчылар», алар «террорчулардан» же «жихадчылардан» бир кадам гана алыс турат деп көрсөтүү керек деген кеп-сөздөрдү айтып чыгышты. Кийинчерээк бул кеп-сөздү кээ бир маалымат каражаттары кош колдоп кабыл алды. Жорж Буш сыяктуу жаңы консерваторлор, Тони Блэр сыяктуу либерал колонизаторлор, Дэвид Кэмерон сыяктуу жаш либералдар бул сөздөрдү күч алдырышты. Бул кимселер Британия жана Европада «итааткөй» бир исламий диаспораны пайда кылышмакчы, исламий дүйнөдө болсо «дос» же «малай» режимдер башкарып жаткан улуттук, илманий, күчсүз мамлекетчелер тобун сактап калуу аркылуу исламий ойгонууну жана биригүү каалоосун түп тамыры менен жок кылууну арзуу кылып жатышат.
4 – Уоомдогу урмат-сыйга ээ маалымат каражаттары саясатчыларды тергеп-тескөөдө, пикирлерди үйрөнүп, талкуу кылууда олуттуу роль ойношу керек. Бирок, бул маалымат каражаттары «өз эркиндигинен» ар дайым душмандыкка тукуруу жана адамдарды жаман көрсөтүүдө пайдаланып жатканы алардын бардык иштери шек-күмөндү, душмандыкты күч алдыруу, башкалардын диний итикаддарын маскара кылуудан турат деген тыянакка алып келет. «Daily Mail» сыяктуу гезиттер мусулмандардын көз карашына чабуул кылып жатканда алардын «эркиндиги» дээрлик ар күнү маскараланып кол салууларга кабылып жаткан курмандардын мүлкү эмес, тескерисинче, мына ушундай шылдыңдар артынан үлкөн-үлкөн каражаттарды жыйнап алып жаткан басма сөз магнаттарынын мүлкү экендигин анык көрсөтүп турат. Алардын бул абалы Куръани Каримдин эскертүүсүн эске салат:
«Бардык дооматчыга кыйроо-тозок болсун. Ал (тапкан) мал-дүйнөсү өзүн түбөлүк (өлбөй турган) кылып койгон деп ойлоп, мал топтогон жана ошол (мал-дүйнө)нү эсеп-кысап кылып жүргөн кимсе» [104:1-3]
5 – Биз Исламий диаспорага мындай кайрылуу жолдойбуз, диаспора өз тегерегинде болуп жаткан бул оюнду түшүнүп жетиши, маалымат каражаттарында барган сайын көп маскараланып, жаман көрсөтүлүп жаткан исламий баалуулуктарды бекем кармашы, бул ажайып Ислам динин түшүнүп жетиши жана аны диаспорабызда жандуу абалда сакташы, анын таза, пакиза үлгүсүн бардык кишилерге жеткириши керек.
6 – Исламий диаспоранын мындай чабуулдарга унчукпай тура бериши жайиз болбойт. Антпесе, унчукпай тура беришибиз Исламга чабуул кылмакчы болуп жаткан тигил кимселердин назарында кабыл белгиси катары каралат. Тескерисинче, биз мындай чабуулдарга абдан ачык-айкын абалда каршылык билдиришибиз керек. Ошондо, андай кимселер биздин динибиз соодалана турган нерсе эместигин билип алышат. Биз ар кандай жаман түшүнүккө каршылык билдирүүгө жана бул нерселерди сыйга татык ыкмада талкуулоого даярбыз.
7 – Эгер «Daily Mail» жана Ричард Литтлжон бизге бирер таалим бермекчи болсо, анда, алар коом маскаралоо, жаман көрсөтүү, гыйбат кылуу баалуулугунун ордуна альтернатива баалуулуктарга татыктуу экенин үйрөтүшү керек. Эгер, алар биз менен бул маселени талкуулоону калашса биз бул нерселерди жана Исламга байланыштуу башка ар кандай нерселерди талкуулоого даярбыз.
Хизб-ут-Тахрирдин Британиядагы
басма сөз бөлүмү
Электрондук почта: press@hizb.org.uk
Веб барак: www.hizb.org.uk
Телефон: +44 (0) 7074 192400