Кремлдин расмий сайты таркаткан кабарга ылайык, Россия жана АКШ президенттери ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өткөн.
Ак үй маалымат кызматы таркаткан кабарда, Путиндин демилгеси боюнча болуп өткөн (Кремль кабарында ким демилгечи болгону айтылбаган) сүйлөшүүдө Россия президенти Украинадагы кырдаалды чечүүнүн дипломатиялык маселелерине токтолуп өткөн жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун мындан кийинки кадамдарын көрүп чыгууну сунуштаган.
Ошолордон, Путин Обамага Украина кризисин чечүүдө АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавровго сунуштаган чараларды талкуулашууну сунуштаган. Ак үйдүн кабарына ылайык, Обама Путинге Керринин сунушуна жоопту жазуу түрүндө келтирүүнү сунуштаган о.э. тараптар мындан кийинки кадамдарды талкуулашуу үчүн Керри жана Лавров жакын жакынкы күндөрдө жолугушуусуна келишип алышкан. Обама келишпестиктер дипломатиялык жолдор менен чечилишинин тарапкечи экендигине басым жасап, Россияны кийинки провокациялардан тыйылууга о.э. Украина чегараларындагы кошуунду алып кетүүгө чакырган.
О.э. маек убагында Путин Обаманын этибарын “Приднестровьянын тышкы блокада”сына караткан жана Россия Приднестровья проблемалары адилеттүү чечилишинин тарапкечи экендигин белгилеп өткөн.
Расмий булактардын кабарына ылайык, Украинадагы кырдаал жана Россиянын Крымда кылган иштери себептүү Обама тарабынан россиялык чиновниктер жана бизнесмендерге карата киргизилген санкциялардан кийин, Россия менен АКШ президенттери телефон аркылуу биринчи жолу сүйлөштү.
Туркистон:
Россия тарабынан Крымдын аннексия кылынышы артынан бул жаатта ар түрдүү божомолдор чыга баштады. Бирок, Хизбут-Тахрир да жогорудагы окуяларды күзөтүп, бул күрөштө негизги ролду аткарып жаткан мамлекеттердин азыркы абалын үйрөнүүнүн натыйжасында жогорудагы окуяларга карата өзүнүн пикирин билдирди. Крым Россия тарабынан аннексия кылынгандан бери жүз берип жаткан окуялар бул талдоо канчалык туура экендигин көрсөтүп турат.
Бул талдоодо жалпысынан мындай деп келген эле: Азыркы эл аралык жана регионалдык шарттар Украинаны өзү тарапка тартууга кызыкдар болгон үч тараптын эч бирине Украинаны толук тартып алууга мүмкүнчүлүк бербестигин, бул үч тарап ортосунда күтүлүүчү чечим орточо (келишүүчү) чечим болушун айткан элек. Ошондуктан, демек Россиянын Украинаны толук өзү тарапка тартып алышы азыркы убакта же жок эле дегенде жакынкы келечекте ыктымалдан алыс болгон иш. Россия Крым жарым аралындагы туруктуу орношо алса бул Батыштын, айрыкча Американын Украинанын калган бөлүгүндө туруктуу орношуусун түшүндүрөт.
А бирок, бул үч тараптын кайсы биринин Украинаны толук өзү тарапка тартып алышы азыр эле айтып өткөнүбүздөй, бүгүнкү күндө же жок эле дегенде жакынкы келечекте ыктымалдан алыс…
Булардын бардыгы орточо чечим түрүн көрсөтүп турган белгилер… Ошого карабастан мурунку жоопторубузда айтып өткөнүбүздөй, Украина эл аралык же регионалдык шарттар Россия же Батыш пайдасына өзгөргөн убакта жарылууга даяр болгон бир “бомба” болуп кала берет. Ошондо ар бир тарап бүтүндөй Украинага көз артып, ага толук ээ болуп алууга аракет кылат. Бул ошол убактагы эл аралык шартарга карай болот… Себеби, Украина Россиянын капталы жана ошол эле убакта Европа дарбазасы болуп эсептелет…
Ошондуктан, эл аралык жана регионалдык шартар өзгөргөнгө чейин орточо чечим күчүндө кала берет жана ал кандайдыр бир даражада «убактылуу тынчтыкка», туруктуулукка алып барышы мүмкүн… Ал эми түбөлүктүү туруктуулук – айрыкча Крым жарым аралында – ал он сегизинчи кылымдын акырлары жана он тогузунчу кылымдын баштарында Россия аны басып алышынан мурунку абалына жана туруктуулугуна кайтса гана болот т.а. ал, инша Аллах, кирип келе жаткан Халифалык мамлекетинин ажырагыс бөлүгү болушуна кайтса гана ошондо түбөлүктүү туруктуулук болот.