ТАЖИКСТАНДА КАЛККА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН БЕРҮҮ КЫСКАРТЫЛДЫ

346
0

“Барки Тачик” мамлекеттик энергохолдинги 26-март күнү таркаткан кабарга ылайык, акыркы күндөрдө Тажикстанда калкка электр энергиясын жеткирип берүү кыскартылган.

Айрым айыл жерлеринде калкка электр энергиясы суткасына төрт-беш сааттан берилүүдө. Ошолордон, Гиссор жана Файзабад шаарчаларында калкка электр энергиясын берүү суткасына 4,5 саат болуп жаткан болсо, Нурабад шаарында 7,5 саат берилүүдө.

Айрым райондордун калкы болсо суткалап жарыксыз калууда.

Электр энергиясы тармагындагы расмийлердин айтымында, тоолуу аймактарда аба ырайынын кескин сууп кетиши жана мунун натыйжасында мөӊгүлөрдүн эриши акырындап, мамлекеттин негизги ГЭСтери жайгашкан Вахш дарыясында суунун азайып кетиши калкка электр энергиясын берүүнүн кыскартылышына себеп болгон.

Тажикстандын энергетика тармагы негизинен ГЭСтерге таянгандыгы себептүү кыш айларында электр энегриясында таӊкыстыктар пайда болот. Ошол себептен улам ар жылы октябрь айынан апрел айына чейин калкка электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилет.

Туркистон:

Орто Азиянын башка республикаларына салыштырмалуу кышы суук жана аяздуу болгон бул республикада мамлекет жетекчиси өз элин катуу чектөө алкагында кармап, суткасына 4-5 сааттан свет беришине, мектеп окуучулары класстарды ысытуу үчүн  үйлөрүнөн отун жана тезек ташып келип билим алып жатышканына карбастан, расмий өкмөт чет мамлекет менен түзгөн келишим негизинде кыш айларында да электр энергиясын сатууну токтотпой келет.

Расмий отчётко ылайык, Тажикстан кошуна Афганистанга 2013-жылдын ноябрь айында 45 миллион кВт/саат электр энергиясын саткан. Бул болсо, 2012-жылдын дал ушул убактысына салыштырганда 3,3 млн.кВт/саатка көп. Жалпы эсепте Тажикстан 2013-жылдын ичинде Афганистанга 1 миллиард кВт/сааттан көбүрөөк электр энергиясын саткан.

Бул мамлекет жетекчилеринин бирден-бир проблемасы кантип болсо да карапайым калктын эсебинен өз байлыктарын көбөйтүүдөн турат. Өзбекстанда ар жылы 65-70 миллиард метр.куб газ казып алынышына карбастан, карапайым калк газсыз жана светсиз жашап жатканы сыяктуу эле, Тажикстан да канчалык көп электр энергиясын иштеп чыгарбасын карапайым калк кудум бүгүнкү күндөгүдөй болуп светсиз кала берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here