КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АКШ АВИАБАЗАСЫ РАСМИЙ ТҮРДӨ ЖАБЫЛА БАШТАДЫ

430
0

Учурда авиабазада 300гө жакын АКШ аскерлери кызмат өтөп жатышат. алар 11-июлга чейин Кыргызстандан чыгып кетиши керек.

 Авиабаза командири Жон Милларддын сөздөрүнө ылайык, 12 жылдык ишмердүүлүгү маалында авиабаза аймагында курулган 200 курулуштун бардыгы 3-июнь күнү Кыргызстанга тапшырылат. Булар имарат жана курулуштар, ар түрдүү жабдыктар, жалпы баасы 30 миллион долларлык транспорт каражаттарынан турат. “Манас” транзиттик борборун электр энергиясы менен камсыздоо токтотулду. Калган объектилер генератор менен иштеп жатат. Авиабазада 300гө жакын АКШ аскерлери кызмат өтөөнү улантышууда. Эки тараптуу келишимге ылайык, алар 2014-жылдын 11-июлуна Кыргызстандын аймагынан чыгып кетиши керек.

Ишмердүүлүгү маалында “Манас” авиабазасы 33 миң самолётко абада жанылгы куйган болсо, жалпы эсепте 136 миң самолётко кызмат көрсөткөн. Бул убакыттын ичинде миллиард литр авиация жанылгысы жумшалган. Мындан тышкары, транзиттик борбор “терроризмга каршы күрөшүп жаткан” союздаш мамлекеттердин 5,5 миллион аскерий кызматчысын ташып өткөн. Бул Афганистанга ташталган аскерлердин жалпы санынын 98 пайызын түзөт.

“Терроризмге каршы күрөшүү боюнча союздаштардын сабына АКШ, Түштүк Корея, Сальвадор, Польша, Грузия, Монголия жана башка мамлекеттер кирет. Ошентип, биз союздаш 26 мамлекеттин аскер кызматчыларын Кыргызстан аймагы аркылуу ташып өтүүгө көмөк көрсөттүк,” – деп баса белгиледи Жон Миллард.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here