Америка Украинадагы башаламандыктарда Россияны айыптоону улантууда. Ак үйдүн назарында россиячыл жикчилдер алгач башында эч канча күчкө ээ эмес болчу. Кийинки убактарда алар мамлекеттик имараттарды ээлеп алуу, аскерий базаларды басып алуу, аэропортторго чабуул кылуу жана вертолётторду атып түшүрүү сыяктуу олуттуу иштерди кылышты. Ак үйдүн билдиришинче, булардын бардыгында Москванын колу бар.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Россиядан Украинага чечен согушкерлер жөнөтүлүп жаткандыгы туурасындагы кабарлардан тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Керринин айтымында, Москва Украинадагы жикчилдерди камсыздоону токтотуп, аларды куралдарын таштоого чакырышы керек.
Керри “Биз айрым кооптуу белгилерди сезип жатабыз. Россиянын Чеченстан республикасында даярдыктан өткөн согушкерлери Украинада болуп жаткан кагышууларга катышып кырдаалды оорлоштуруп жаткандыгы жөнүндө далилдер бар”, – деди.
Чечен согушкерлери Украинада россиячыл күчтөр тарабында туруп согушуп жатканы жөнүндө АКШ мамлекетинин өкүлү Жей Карни да билдирүү чыгарды.
Жей Карни: “Украина чыгышында уланып жаткан зомбулуктар бизди тынчсыздандырууда. Мисалы, жикчилдер Украин вертолётун атып түшүрүп 14 кишини өлтүрүштү. Бул болсо жикчилдер четтен алып келинип жаткан заманбап куралдарга ээ экендигин көрсөтөт”, – деди.
АКШнын Киевдеги элчиси Жеффри Паятт да жикчил күчтөрдүн артында Кремль тургандыгына ишара кылды.
“Бул топтор Россия аймагынан кирип келе жатканы жөнүндө ишенимдүү далилдер бар. Менин оюмча, Кремль мындан кабардар, же болбосо, көрүп-билип туруп жол коюп берүүдө. Жикчилдер икше ашырган чабуулдардан максат бирөө гана, ал да болсо, Украинада жаңы өкмөт түзүлүп жаткан бир убакта кырдаалды изден чыгаруу”, – деди дипломат.
Туркистон:
Путин өз режиминин ичинде т.а. Чеченстанда Кадыров режимин жаратты. Илгери СССР тарабынан Дудаев режимин тикелөөдө кудум ушундай ыкма колдонулган эле. Советтер Союзу өзүнүн өтө чоӊ аскердик запасын ага ишенип, курал-жарак соодасындагы салмактуу үлүш ага тапшырылган эле. Айырмасы, Дудаев өтө чоӊ тажрыйбага ээ болгон аскер адамы жана акылы зирек чыныгы жетекчи болгон. Кадыров болсо, бүтүндөй анын тескериси, жасалма жетекчи, тажрыйбасыз, акылсыз жана өтө наадан саясатчы. Бирок, алардан пайдаланууда көздөлгөн максат бирөө гана, ал да болсо, Кавказ жана анын айланасын коркууда кармап туруу о.э. Украина сыяктуу конфликтүү аймактарды курал-жарак жана тыӊчылар менен камсыздап туруу. Кадыровдун ыӊгайлуулугу төмөнкүдөй, ал ойлонбойт, диний кайгысы жок, жетекчилик жөндөмү жок, ал Путинсиз эч ким эмес о.э. кудум өз алдынча жашай албай турган колго үйрөтүлгөн жырткыч сыяктуу. Ал жөнүндө “Путинди өз атасындай көрүшүнүн себеби, чыныгы атасы Ахмад Кадыровду өлтүрүп жатканда ага камкордук кылгандыгынан улам” деген сөздөр бар. Р. Кадыров Украина эле эмес, ал тургай Сирияда Асад режимин колдоп-кубаттоодо да пешкадамдык менен кызмат көрсөтүп келет. Дудаевден өзгөчө анын Россия үчүн ыӊгайлуулуктарынын негизгиси, ал чечен улуттук лидерлигине да жарабай турган даражага түшүп алды. Ошондуктан, Путин андан кадыржам.
Путиндин аны өз итиндей асырашынын себеби, Кавказ Россиянын назик чекити болуп эсептелгендигинде. Ал чекит албетте бир күнү Россиядан кутулууну көздөй козголот. Ошондо Кадыров Россия үчүн калкан болушу жана анын атынан бүтүндөй Россия күч-кубатын ишке салып, проблеманы Кавказ улуттары аралык согушка айландырып жибериши мүмкүн.
lasuna sale – where to buy diarex without a prescription himcolin without prescription
besivance order – buy generic sildamax over the counter oral sildamax
trihexyphenidyl sale – emulgel purchase online diclofenac gel online buy