Өкмөттүн маалымат кызматынын ишемби күнү кабар беришинче, Centerra Gold Inc. компаниясы менен консултация жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча кеӊеши жана өкмөт мүчөлөрү “Кумтөр” долбоорун кайрадан көрүп чыгуу боюнча жыйынтыктоочу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көрүп чыгышты жана колдоого алышты.
Кабар берилгендей, бул ишкана Кыргызстандын мыйзамдары негизинде иштей баштагандан кийин гана Кыргызстан “Кумтөр” алтын кенинин иш-аракетин толук көзөмөл кылышы мүмкүн.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: “Ишкана биздин мыйзамдарыбыз боюнча иштей баштагандан кийин гана “Кумтөр” үстүнөн толук көзөмөл орнотуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бүгүнкү күндө Centerra Gold Inc. компаниясы Канадада каттоодон өткөн жана биринчи кезекте минаритар (аз сандуу) акционерлердин кызыкчылыктарын коргоочу Канада мыйзамдары боюнча иштейт. Сунушталып жаткан биргелешкен ишкана Кыргызстан мыйзамчылыгы боюнча иш жүргүзөт жана “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу аны канадалык мыйзамчылыктан кыргыз мыйзамчылыгына кайтарат”, – деди.
Премьер-министрдин айтымында, Centerra Gold Inc. Компаниясы 2013-жылы 145 миллион долларга жакын таза киреше тапкан, Кыргызстан болсо болгону 11 миллион 400 миӊ доллар гана алган.
Премьер-министр: “Эгерде сентябрь айында меморандум колдоого алынганда Кыргызстан 11 миллион долларга қараганда көбүрөөк киреше алган болот эле. Биз 72 миллион доллар алышыбыз мүмкүн эле, буга кошумча биргелешкен ишкана Кыргызстанда каттоого алынгандыктан дагы 7 миллион доллар алат элек. Бүгүн мамлекет жалпы эсеп менен бир жылдын ичинде 40 миллион доллардын тегерегинде эл аралык жардам жана гранттарды алат. Биргелешкен ишкана мамлекетке ар жыл сайын кошумча 80 миллион доллардан аз болбогон киреше алып келиши мүмкүн болгон абалда биз донордук жардамдардан үмүттөнөбүз жана алардан акча келишин күтөбүз. Калп эле патриот боло бергендин эмне кереги бар. Бүгүнкү күндө алар саясий упайга ээ болуу максатында Кыргызстандын тагдыры менен ойношууда. Ушундай “патриоттордун” кесепетинен мамлекет өткөн жылы 80 миллион доллар ала албады. Балким бүгүнкү күндө аларды элдин айрым бөлүгү колдоп жаткан болушу мүмкүн, алар үчүн булар азырынча баатыр болуп көрүнүп жатышат. Ал эми бир нече айдан кийин убакыт алардын ката экендигин далилдейт”, – деди.
Туркистон:Кыргызстан парламенти премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге “Кумтөр” алтын кенинин акцияларын Кыргызстандын пайдасына 67 пайызга көтөрүү милдетин жүктөгөн. Бирок, өкмөт бул маселеде күчү жетпегендигин жана Centerra Gold Inc. компаниясы менен соттошуу бейпайда экендигин айткан эле. Айрым депутаттар эгерде өкмөт бул иштин өтөөсүнөн чыкпаса премьер-министр отставкага кетиши керектигин айтып чыгышкан эле.
Ал эми башкалардын эсебинен күн көрүүнү жана байлык көбөйтүүнү жакшы көргөн колонизатор мамлекеттер бирер “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине финансы жаткырмакчы болсо, ал жерге сарптаган чыгымын он эселеп чыгарып алууга көзү жетпесе, ал мамлекеттерге бир тыйын да жумшабайт. Бул колонизатор мамлекеттер өздөрү экономикалык жактан колония кылмакчы болгон мамлекетке кирип баруудан мурда өз кызыкчылыктарын гана жүзөгө чыгарып бере турган эл аралык мыйзамдар аркылуу өз иштерин “мыйзамдаштырып” алышат, жогорудагы “үчүнчү дүйнө” мамлекети келишимди бузууга аракет да кылбасын үчүн, келишимди бузуучу тарапка чоӊ өлчөмдө штраф белгилеп коюшат. Ошондуктан да мындай көз каранды мамлекет ар канча аракет кылбасын алардын чеңгелинен кутулуп кете албайт.
Кыргызстан өкмөтү да “Кумтөр” маселесинде алар түзүп берген эреже боюнча ойноп жаткандыктан канчалык аракет кылса да бул оюнда утуп чыга албайт о.э. премьер-министр да ушул маселе боюнча отставкага кетиши мүмкүн.