Украина Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 18-февраль күнү Киевде жүз берген башаламандыктарда 25 адам өлгөн.
8 адам ооруканага жаткырылгандан кийин, 4 адам болсо ИИМ госпиталында дүйнөдөн кайткан. Өлгөн 13 киши Киев шаардык соттук медициналык экспертизанын клиникалык бюросуна алып барылган.
Оппозиция жана өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы кагышууларда жарадар болгон 350 адам медициналык жардам сурап кайрылган, 240 адам ооруканаларга жаткырылган. Алардан 79 адам укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 5 адам болсо журналисттер.
Оппозиция тарапкечтери жана өкмөттүк күчтөр ортосундагы кагышуулар 18-февралдын таӊынан бери уланууда. Нааразылык акциясынын катышуучулары Жогорку Рада имаратына кирүүгө аракет кылган убакта башаламандыктар башталып кеткен.
Туркистон:
Украина да эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыктары ортосунда стратегиялык мааниге ээ болуп калгандыгынын азабын тартууда. Ал Батыш машинасы менен Россия ортосунда, эки түрдүү стандарт, эки түрдүү менталитет жана кызыкчылыктар карама-каршылыгы ортосунда калды. Мына ушул көптөгөн жылдардан бери бышып жетилип келген факторлор эки тарапка теӊ туура келүүдө. Украинада башталган граждандык согуш мамлекетти бөлүп жиберет.