2014-ЖЫЛДАН КИЙИН АФГАНИСТАНДА 9800 АМЕРИКАЛЫК АСКЕР КАЛЫШЫ МҮМКҮН

365
0

  АКШ Президенти Барак Обама Афганистанда 2014-жылдан кийин 9800 адамдан турган Америка контингенти кала тургандыгын билдирди. 2017-жылдын башына чейин болсо Афганистанда бир да америкалык аскер калбайт.

 Америка президентинин айтымында, америкалык аскерийлер 2014-жылдан баштап эки миссияны ишке ашырышат: Афган куралдуу күчтөрүн даярдоо о.э. Ал-Каида уюмуна каршы күрөшүүдө түрдүү операцияларды жүргүзүү. Обама эгерде Афганистан өкмөтү эки тараптуу коопсуздук келишимине  кол койсо гана Америка аскерийлери кала тургандыгын айтты.

Барак Обама АКШ тышкы саясатында Афганистан жана Иракка ашыкча көӊүл бурулуп жаткандыгын жана аскерийлер чыгарылгандан кийин, башка багыттарга катуу көӊүл бурула тургандыгын маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын жайында кызматынан кете турган Хамид Карзай Америка сунуштаган келишимге кол коюудан баш тартып келе жатат. Ал муну жаңы президент кылышы керектигин айтты. Хамид Карзайдан айырмалуу түрдө Афганистанда президенттик шайлоодо катышып жаткан негизги эки талапкер – Абдулла Абдулла о.э. Ашраф Гани жогорудагы келишимди колдой тургандыгын билдиришти.

Барак Обаманын айтымында, 2014-жылдан кийин Афганистанда АКШнын эки аскерий базасы иш алып барат. 2016-жылдын аягына келип, АКШ элчиканасы жана анын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон аскерий күчтөр гана калат.

 Туркистон:

Түпкүлүгүндө Обаманын башы каткан. Ал жана анын жооптуулары тез-тез бири-бирине тескери болгон билдирүүлөр менен чыга башташты. Бул бир жактан башка мамлекеттерди коркутуу же тынчын алуу максатын көздөгөн болушу да мүмкүн. Бирок, Ислам дүйнөсүндөгү кескин өзгөрүштөр жана алардын ушунчалык даражада АКШнын көзөмөлүнөн чыгып, укмуштуудай саясий аракеттер жүрүп жатканы, булардын өз позицияларында туруктуу эместиктерине албетте катуу таасирин тийгизет.

АКШ Орто Азияда калуу планын көтөрүп чыга баштады. Өзбекстанда НАТОнун Орто Азия боюнча расмий төрагасы Жеймс Аппатурай катышуусунда, 16-май күнү Ташкентте НАТОнун расмий өкүлчүлүгү ачылды. Бул Афганистандагы НАТОнун техникалык жабдыктарын жана аскерий техникаларын Өзбекстанга жайгаштыруу үчүн олуттуу кадам болду. Бул иштерден көздөлүп жаткан негизги максаттардын бири, Өзбекстандын аскерий техникасын модренизациялоо экендигин ачык айтышууда. Демек, АКШ Афганистандан чыгып кетмекчи эмес, тескерисинче, анын бир бөлүгүн Орто Азияга көчүрмөкчү болууда. Россия Украинадан Крымды тартып алганынан жана региондогу сакафий таасиринен пайдаланып Украинадагы башаламандыктарга өтө чоӊ салым кошуп жаткандыгынан тынчсызданып калган Казакстан жана Өзбекстан режимдеринин ушул абалдарынан АКШ пайдаланып калмакчы болууда.

Жыйынтыктап айтканда, АКШнын алдында бир нече варианттар турат. Булар Афганистанда калуу: ал үчүн жаңы президент менен жаңы келишимдер түзүп алынат. Орто Азияга көчүп өтүү: бул жолдо Россия менен Орто Азия мамлекеттеринин алакасын бузуу иштери жүрүп жатат. Бүтүндөй чыгып кетүү: бул, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, эл аралык саясатка байланыштуу.

Демек, АКШ региондон чыгып кетмекчи эмес. Тескерисинче, кырдаалдан пайдаланып позицияларын ыӊгайлуу жана бекем кылып алмакчы. Бул нерсе Орто Азия бойлоп НАТОнун таасирин кеӊейтүү аркылуу болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here