ЖЕНЕВА2;

339
0

Массалык маалымат каражаттарында Женева2 конференциясы тууралуу күңгөй-тескей сөздөр айтылууда. Женевада Сирия маселеси боюнча ушул айда өтөөрү күтүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрү артка жылды. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы аль-Ахдор Иброхимий билдирди. Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн эң жок дегенде ушул жылдын соңунда өткөрүүгө колдон келген аракетин жасап жатканын айтты. Аль ахдор Ибрахимий жогорку даражадагы дипломаттар менен жолугушуусунан кийин тынчтык сүйлөшүүлөрүн так мөөнөтүн айта алган жок.

Анткени, Америка максаты – Сирия маселеси чечимин артка сүрүп, дагы да создуктуруу.

Шейшембиде Женевада АКШ менен Орусиянын дипломаттары ортосунда Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөр башталган. БУУнун эл аралык чабарманы аль Ахдор Ибрахимийдин катышуусундагы бул жолугушуу Сириядагы жарандык согушту токтотуу багытындагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чыйыр салууну көздөрү кабарланган.Бул жолугушууга БУУ Коопсуздук Кеңешининин туруктуу мүчөлөрү менен кошо Сирияга коңшу Ливан, Ирак, Иордания жана Түркиянын өкүлдөрү да катышат деп белгиленген.

Сирия коңшулары аталган бул малай мамлекетчелер калп эле конференцияга катышымыш эткени менен, чындыгында эшектин тушагын дагы чече албастыгы анык.

Байкоочулардын баамында, бул маселелерди Сирия өкмөтү менен оппозиция гана чече алат имиш. Бирок алар дале келише албай жатышкандыктан, конференция катышуучуларынын негизги максаты – Сирияда бири-бири менен согушуп жаткан тараптарды кепке келтирип, сүйлөшүүгө чакыруу имиш.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия жаңжалы башталгандан бери эки миллиондон ашуун киши өлкө тышына чыгып кеткен. 9 миллион адам тамак-ашка, таза суу, дары-дармек жана чатырга муктаж. Бул аралыкта Сирияда 100 миңден ашуун киши каза тапкан. Албетте, ачык айтылбай көмүскөдө калганы мындан көп. Өкмөт менен оппозициянын бул маселени чече турганы чын болгондо барбы, анда мынчалыкка жете электе эле, бул көйгөй алда качан чечилип бүтмөк. Бирок, турмуш чындыгында, режим менен оппозиция державалардын чабармандары жеткирген буйрктарды аткаруудан башкага жарабаган малайлар экени көрүнүп турат.

9-ноябрда АКШ чабарманы Роберт Форд Сирия оппозициясынын жетекчилери менен кездешип, аларды Женева сүйлөшүүсүнүн күн тартибин колдоп берүүгө көндүрдү. Женевада колго салынчу долбоордо Башар Асад бийликте калбай турганы жөнүндө да айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here