АКШ КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ОРТО АЗИЯНЫ ТЫҢШООНУ УЛАНТЫП ЖАТАТ

286
0

Кыргызстан парламентинде АКШ атайын кызматтары депутаттарды, чиновниктерди жана өлкө саясатчыларын тыңшап жаткандыгы билдирилди.

ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулунун айтымында, АКШ элчилигинин кызматкерлери жана «Манас» транзиттик борборунун аскерийлери тыңшагыч аппараттарды алып келишет, бирок алардын жүктөрү кол тийгистиктери себептүү текшерилбейт. «Сиздер муну абдан жакшы билесиздер, бирок эч нерсе кыла албайсыздар. А алар бизди тыңшап жатышат. Мен муну анык билем», – деди Турсунбай Бакир уулу.

Эскерте кетсек, Бишкекте 12 жылдан ашык убактан бери АКШ авиабазасы турат. Айрым массалык маалымат каражаттарынын билдиришинче, базада атайын тыңшагыч аппараттар жайгаштырылып, алар менен Афганистан эле эмес, Кыргызстан да тыңшалат, ал тургай, Борбордук Азиядан тышкарыдагы мамлекеттер тыңшалат. Ошол эле маалымат булактарынын билдиришинче, бул жабдуулардын бардыгы тезинен Бишкектеги АКШнын кеңейтилген элчилигине көчүрүлүшү пландаштырылууда.

Албетте, мунун бардыгы адам укуктарын жана эркиндиктерин “экспорттоочу” Американын Кыргызстанда калып кетиши жана андан ары аны колонизаторлук жолунда пайдаланышы үчүн болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here