2015-жылга барып саламаттыкты сактоо мекемелериндеги мамлекеттин эсебинен камсыздалуучу акысыз орундардын көлөмү 109 179 га чейин кыскартылат.
Ооруканалардагы акысыз орундарды кыскартуу иштери өкмөт тарабынан тастыкталган ыӊгайлуу шарттарды жаратуу боюнча 2012-2015-жылдарга пландаштырылган таблицага ылайык алып барылууда. Бул иштердин алкагында жалпысынан 17 949 орун кыскартылат.
Министрлик берген түшүндүрмөгө ылайык, аз талап кылынып жаткан орундар кыскартылат. Орундардын бош калуусу, медицина мекемелерин жаӊы апараттар менен камсыздоо жана медициналык жардам көрсөтүүдө эң соӊку технологияларды колдонуу эсебине туура келүүдө. Көптөгөн ооруларга заманбап жандашуу натыйжалуу болуп, оорулуунун узак убакытка ооруканада болушун талап кылбайт.
Кыскартуунун эң көбү район, шаар жана областтагы медициналык мекемелерге туура келет, аларда 15 миӊ орун кыскартылат.
Туркистон:
Өзбекстандын Конституциясынын 40- беренесинде “Ар бир адам тажрыйбалуу медииналык кызматтан пайдаланууга укуктуу ” деп жазылып турушуна карабастан, өзбекстандык карапайым жарандар медициналык мекемелердеги кызмат көрсөтүүнүн сапатына арызданышат.
Өзбекстан өкмөтү медициналык кызматтын сапаты көтөрүлгөндүгү себептүү акысыз жатып дарылануучу орундар кыскартылып жатканын дааба кылып жаткан болсо да, чындыгында болсо мамлекеттин бюджети оор абалга келип калганы себептүү өзүнүн жарандарын дарылоого кудуреттү болбой жатат.
Түпкүлүгүндө, мамлекеттик бюджеттин эсебинен камсыздалуучу орундар да акысыз эмес. Өзбекстан саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан социалдык оорулар тайпасына киргизилген рак жана туберкулёз оорулары мамлекет тарабынан камсыздалышы керек болгон оорулардан болуп эсептелет. А бирок, бул оорулар менен ооруган оорулуулар дары-дармек жана ал тургай пахтасын да өзү алып келет. Ансыз да экономикалык кыйынчылыктардын натыйжасында кыйналып жаткан адамдар дарылануу үчүн акча таба албаганы себептүү дарылана албай жатышат. Анын үстүнө дары-дармек алуу аз келгенсип, дарылаган врачты “ыраазы” кылуу да буга кошумча болууда.
Ислам мамлекети пайда болгон биринчи күндөн баштап бардыгы үчүн медициналык кызматты бекер кылып камсыздап берген. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам Укл жана Урайна урууларынан мусулман болуу үчүн Мадинага келген сегиз кишини оорусу күндөн-күнгө күчөп бара жаткандыктан, Мадинадан төрт мил алыстыктагы жайыттарда жүргөн байтулмалдын төөлөрүн саап ичип дарылануу үчүн жөнөткөн. Алар төөлөрдү саап сүтүнөн ичип, ошон менен дарыланып тез арада айыгып кетишкен. Пайгамбарыбыздан кийинки хулафаи рошидиндер, алардан кийин келген халифалар да оорулуулар үчүн өзүнчө имараттарды куруп, ал жерге тажрыйбалуу табибдерди ккоюшкан жана оорулууларды дарылоо толук бойдон мамлекеттин камсыздоосунда болуп, бардык жарандар үчүн акысыз болгон.