Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды. Ага тогуз мамлекеттин президенттери, Индиянын тышкы иштер министри жана Пакистан премьер-министринин кеңешчиси катышууда.
Расмийлер саммитте негизинен Сириядагы кырдаал, экстремизм жана терроризмге каршы күрөш маселелери о.э. аймактык коопсуздук маселеси талкуу кылынышын маалымдаган. О.э. тышкы күчтөр Афганистандан чыгып кетүүгө даярданып жаткан соң, ал жердеги коопсуздук маселелерине да катуу көңүл бурулат.
Саммиттин катышуучулары Сирия маселесинде Россиянын демилгесин бир добуштан колдоп-кубаттай тургандыктарын билдиришти.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов Сириядагы химиялык куралдарды эл аралык көзөмөлгө тапшыруу боюнча Россиянын демилгесин колдоп-кубаттап, “бул демилгени Сириянын өзү көтөрүп чыгышы керек болчу” деген пикирди билдирди. Каримовдун айтышынча, Сирия эл аралык конвенцияга кошулушу керек. “Эл аралык коомчулук Сирия кризисинин Сириядан тышкарыга жайылышына жол койбошу керек. Бул жаатта биз Россиянын позициясын колдойбуз”, – деди Каримов.
О.э. Өзбекстандын президенти Афганистандагы кырдаалга токтолуп, бул өлкөдөгү абал Борбор Азия жана андан башка региондордогу кырдаалды курчутушу мүмкүн деп эсептей тургандыгын билдирди. “Ошол себептен улам, Өзбекстан Афганистандагы туруктуулук аскерий жол аркылуу эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашуусун жактайт”, – деди.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев саммиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы кырдаалга кабатыр экендигин билдирип, Сирия маселеси тынчтык жолу менен чечилиши керектигин баса белгиледи.
«Дүйнөдөгү жана биздин региондогу кырдаал туруксуз болуп турат. Айрыкча, Сириядагы абал туруксуздук үчүн негиз болуп жатат. Кыргызстан Сирия маселесин тынч жол менен чечүүгө чакырат”, – деди Атамбаев.
Саммиттин жүрүшүндө президенттер өз ара жолугушууларды да өткөрүшөт. Ошолордон Өзбекстан президенти Ислам Каримов Кытай, Иран жана Россия сыяктуу ири мамлекеттердин жетекчилери өз ара жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырган. О.э. Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани Кытай, Кыргызстан жана Россиянын президенттери менен, Афганистандын президенти Хамид Карзайдын болсо Россия президенти менен өз ара жолугуша тургандыгы кабарланган.
Туркистон:
Россия АКШнын оюнун ойноодо өзүнө шериктерди чогултуп жатат.
Эл аралык саясатта, айрыкча Сирия маселесинде, АКШ Россиядан жаман полицей катары пайдаланып жатат. Россия болсо, ал тургай ушундай позицияда болсо да жетекчи мамлекет сыпатын сактап тургандыгына ыраазы. Анткени, эл аралык саясий майдандагы Россиянын абалы өтө начар. Ал тургай, ал Орто Азия мамлекеттеринин тизгинин да колдон чыгара баштады. Жибек жолу сыяктуу бир нече эл аралык долбоорлор Россиянын каалоолоруна тескери болуп жатат. Мындан тышкары газ жана нефть сыяктуу сырьёлорду сатууда Кытай Россияны четтеп өтүп, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен түздөн-түз мамиле кыла баштады. Бул шарттарды бир нече жыл мурда, АКШ Өзбекстан менен түздөн-түз саясий жана экономикалык алакаларды жүргүзүү аркылуу адатка айланткан болчу.
Россия дүйнөдө колонизатор мамлекеттер сабынан төмөн түшө баштады. Ал тургай, бюджетин нефтини сырьё катары сатуунун негизине кура баштады. Бул болсо, жетекчи мамлекеттин сыпаты эмес. Тескерисинче, иштеп чыгарууда дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере албай калган, башка мамлекеттерге саясий кысым көрсөтүүдө алсыраган мамлекеттин абалы. Россия кырдаалды оңдоо үчүн алып барып жаткан аракеттеринде, АКШга туура келе турган өтө көп каталарды кетире баштады. Жогоруда ШКУга мүчө мамлекеттерди да ушул ишке тартышы, кезектеги каталарынан болушу мүмкүн. Анткени, АКШга караштуу мамлекеттер да майданда алар менен бириге башташты.
Сирия маселесинде болсо, Россия Ирандын, ал тургай “Хизбуллах”тын даражасында ойной баштады. А түгүл, эл аралык саясаттагы аларга Ислам тарабынан туулуп жаткан мабдаъий кооп-коркунучтар кырдаалдын жүрүшүнө негизги себеп болуп жатканын да тунук билбейт. Анткени, аны менен мындай деңгээлдеги назик маселелердин түрдүү кырлары жана ага каршы түзүлүп жаткан долбоорлордун жашыруун жактары ачык кеңешилбей калды. Бул болсо, анын дүйнөлүк демократиялык багыттар негизиндеги системанын коргоочусу катары каралбай калгандыгынан кабар берет.
Түпкүлүгүндө, АКШ Сирия маселесинде Россия менен анын тарапкечтеринин кеңешине да, жардамына да муктаж эмес. Ал кырдаалга карай позицияларды өзү белгилеп, өз каалоосу менен аракеттене алат. Ал тургай Россия АКШ Сирияны басып алган күндө, АКШнын коалициясына – Афганистан жана Иракка каршы коалицияга каршылык кылып, андан кийин кошулганы сыяктуу эле – мажбурий түрдө кошулат. ШКУ мамлекеттеринин өз коопсуздуктары үчүн тынчсыздануулары, кээде Россия, кээде АКШ кызыкчылыктары тарапка өтүп алып жатышканына себеп болууда. Бул туруксуз позициялары, тескерисинче кырдаалга жаман таасирин тийгизип жатат.