УЛУТТУК КОАЛИЦИЯ СИРИЯ УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИН ШАЙЛАДЫ

336
0

Сирия өкмөтүнө оппозицияда болгон улуттук коалиция 14-сентябрь күнү куралдуу күчтөр өкүмдарлык кылып жаткан аймактарга Ахмад Таъманы убактылуу өкмөт башчысы кылып шайлады.

Кабардар булактын айтышынча, коалициянын 75 мүчөсү Таъманын пайдасына добуш берген. 10 мүчөсү болсо анын бул мансапка дайындалышына каршылык билдирген, калгандарынын позициясы азырынча анык эмес.

Таъма шайлоодон кийинки кайрылуусунда “убактылуу өкмөт улуттук мекемелерди түзүү, коопсуздукту камсыздоо, улуттук өкүмдарлыкты кеӊейтүү жана экономикалык эркиндикти кайрадан тикелөө үчүн негиздерди коёт” деп билдирүү жасады. Ал бардыгы биригип бир жакадан баш чыгарып, бир бүтүн жамаат болууга жана чачыранды күчтөр сыяктуу болбостукка чакырды.

Таъманын айтканына караганда, Сирия жаңы республикага айланат. Ал: “Сирияда ар бир сириялык үчүн жаңы республика тикеленет. Анда адам өлтүргүчтөргө жана кылмышкерлерге орун жок. Бул республика улуу ынкылаптын баалуулуктарын бекемдейт жана жарандар ортосунда теӊдикти жүзөгө чыгарат”, – деп баса белгиледи.

115 мүчөдөн турган улуттук коалиция эл аралык даражада ишенимдүүлүктү күчөтүү үчүн бүгүн убактылуу министрлерди дайындоо максатында Стамбулда чогулду.

Туркистон: 

АКШнын Сирияны бомбалоодон көздөгөн долбоору ишке киришти.

Ал Асаддын ордун ээлеши мүмкүн болгон күчтөрдү аракетке келтирди. Бирок, алардын алдына АКШ тараптан коюлуп жаткан жоопкерчиликтүү тапшырма жеӊил болбойт. Бул уюмдар, Сирияда Мисирдеги сыяктуу, же ушуга жакын абалдарды пайда кылууну максат кылышат. Бирок, Сириядагы абал Мисир же башка жактагылардан бүтүндөй айырмаланат.

Себеби, бул жерде 100 миӊден ашык мусулмандын бейкүнөө кандары төгүлдү. Мамлекет бүтүндөй талкаланды. Коалиция тыгыштырмакчы болуп жаткан куфр пикирлерине каршы исламий пикирлер кеӊири жайылды. Негизгиси, мамлекеттин армиясы талкаланып дээрлик жок болду. Асаддын армиясы болсо, куфр нисбаты берилип жаткан алавийлер жана аларды колдоочу кээ бир тышкы күчтөрдөн туруп, аларды – Мисир армиясынан айырмалуу түрдө – Сирия армиясы деп айтууга болбойт.

Демек, убактылуу өкмөт таянышы мүмкүн болгон жападан-жалгыз кубат тышкы куфрдун аскерий аралашуусу болот. Бул болсо, аларды – куфр менен бирге алып барууга аракеттенип жаткан Ислам жана мусулмандарга каршы идеологиялык күрөшүндө – ийгиликсиздикке алып барат. Убактылуу өкмөттүн тагдырын көбүрөөк Афганистандагы Карзайдыкына окшотсок болот. Бирок, АКШнын Афганистанда түшкөн тузагына кайрадан түшүүсү дээрлик мүмкүн эмес. Ал Сирияга жөө аскерин киргизбейт. Демек, убактылуу өкмөттүн иши өтө кыйын. Бирок, аны тышкарыдан Араб лигасы колдоого аракет кылып жатат. Ал тургай, АКШ алардын куралданышына да уруксат берди. Кантип эле АКШ Араб лигасын саясий уюм катары майданга чыгарсын.

Жогорудагы иштердин ишке ашуусуна ал тургай Обама да ишене албайт. Ал ушул жаатта көпкө ойлонду жана учурдагы кырдаалда бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүн эмес деп тапты. Коалициянын аракеттеринен болсо, куфрдун бул долбоордон бүтүндөй үмүт үзбөгөндүгүн түшүнүүгө болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here