САТКЫН СИРИЯ УЛУТТУК КОАЛИЦИЯСЫ ЖАНА АЙЛАКЕР АРАБ МАМЛЕКЕТТЕРИ

402
0

Сирия улуттук оппозициясы жана ынкылапчыл күчтөрдүн президенти Ахмад Жарба Араб мамлекеттери лигасын Башар режимине каршы аскерий иш-чараларды колдоп-кубаттоого чакырды. Араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынында Жарба: “Мен силерден, бардык инсаний жана боордоштук туйгулардын акысына, Сирия режими колдонуп жаткан бузгунчулук машинасына каршы эл аралык иш-чараны  колдоп-кубатташыңарды суранамын”, – деди.

31-август күнү Жон Керри Жарбаны тынчтандырууга аракет кылып: “Президент Барак Обама мурункудай эле химиялык курал пайдалангандыгы үчүн Башар режиминин жоопкерчиликке тартылышын каалайт”, – деп билдирди. Башка тараптан Каирде болуп өткөн Араб мамлекеттери министрлеринин  жыйынындагы тыянак сөзүндө БУУ жана эл аралык коомчулук “ Сирия режими жоопкер болгон бул кылмышты ишке ашырган адамдарга карата зарыл болгон чараларды кабыл алуу” каалоосу айтылды.

Тогут Башар кулатылгандан кийин бийликти өз колуна алуу үчүн Америка тарабынан жаратылган чыккынчылар Америкага сатылгандыктарын көрсөтүү үчүн, өздөрүнүн жийиркеничтүү жүздөрүнөн маскаларын чечүүгө шашып калган өңдөнөт. Бирок, эми жалган эч кандай натыйжа бербейт. Бул кыянатчыл коалиция – Америка малайы. Ал өз жүзүнөн Батышка чыккынчылык кылгандык пардасын алып таштады, анткени, ал биринчилерден болуп Сирияга каршы Америка кампаниясын алкыштады!

Америка – Аллахтын,  пайгамбарынын жана мусулмандардын душманы. Исламдын туура жолун көрбөй жаткан жана андан алыстаган кимселерге муну түшүнүүнүн убагы келбедиби?! Мусулман кантип өз ишин душманынын колуна тапшырып коюшу мүмкүн? Акылы бар адам кантип Америкадан жакшылык күтүшү мүмкүн? Акыры бул режимди ондогон жылдардан бери  колдоп келген дал ушул Америка экендигин унуттуңарбы? Ал Сириядагы мусулмандардын канын төгүү үчүн дал  ушул Башарга мөөнөт артынан мөөнөт бергендигин унуттуңарбы? Же силер анын мусулмандарга каршы ишке ашырган массалык кыргынын унуттуңарбы? Мусулман кантип Америка кыргынына кайдыгер карап, ал жөнүндө жакшы күмөндө болушу мүмкүн? Америка – Ислам жана мусулмандардын башкы душманы. Ошондуктан, Шам тогутун кулатуу үчүн андан эч бир абалда жардам суроо мүмкүн эмес.

وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلا

“Аллах эч качан кафирлер үчүн момундар үстүнө жол бербейт” (4: 141)

Эй Шам козголоңчулары!

Америка тыңчысы болгон Башарды Аллахтын душмандарынын колу менен эмес, силердин таза колуңар менен сууруп таштоо үчүн чыдамдуу болгула жана сабырдуулук менен аракет кылгыла.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لا تَتَّخِذُوا عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَاءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِمْ بِالْمَوَدَّةِ وَقَدْ كَفَرُوا بِمَا جَاءَكُمْ مِنَ الْحَقِّ

“Эй момундар, Менин душманым жана силердин душмандарыӊарды дос тутпагыла! Силер аларга достук  (тууралуу кат-кабар) жибересиӊер, акыйкатта болсо, алар силерге келген Акыйкатка (дин жана Куранга) кафир болушкан!” (60: 1)

Усман  Баххош

Хизбут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси

29-шаввал, 1434-х.
05-сентябрь, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here