ОРУСИЯ ОРОЙЛОНДУ

321
0

Бишкекте өткөн орус-кыргыз депуттаттарынын биргелешкен жыйынында орус өкүлдөрү ачык эле орйлонуп, кыргыз өкүлдөрүнүн оозунан сөзүн түшүрдү.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ өлкөлөрү боюнча комитети биргелешип өткөргөн жыйында бажы биримдигине кирүү, миграция ж.б. маселелер каралды.

Алгач Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерден айрым жеңилдиктерди сурап, фонд түзүп берүү шартын коюп жатканын түшүндүргөндө, Думанын КМШ боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий:

– Акыркы бир жылдан ашыгыраак убакытта белгилүү суммадагы каражаттарды Кыргызстанга жөнөттүк. Алдыда дагы каражат каралган. Анын 582 миллиону силер 2038-жылга чейин сураган карыз. Бул силерге аздык кылабы? – деп кекетти.

Миграция темасында ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укугу бузулуп жатканына, керек болсо мамлекеттик органдар тарабынан кордук көргөнүнө токтолду:

– Биздин жарандарды милиция, бажы кызматкерлери акча бергенге мажбурлайт. Каттоого турууда, турак жай табууда, билим, медициналык кызмат алууда проблемаларга туш болуп жатышат. Ушул маселелерге кесиптештеримдин көңүл буруусун каалайт элем. Орусиянын жумуш берүүчүлөрүн аз айлык акыга иштеген, социалдык камсыздандыруусу жок, начар шартта эмгектенген мыйзамсыз мигранттар кызыктырат.

Буга карата Федералдык миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Анатолий Фоменко Дамира Ниязалиеванын статистикасы ката экенин айтты о.э. орус тилин билбеген, көчө таптап жумушка барбаган, жүрүм-туруму начар кыргыз мигранттары жергиликтүүлөрдүн кыжырын келтирерин белгилеп, басмырлап өттү:

– Биз даярдалган, билимдүү, окутулган, орус тилин билген мигранттарды көргүбүз келет. Сиздер кыргыз мигранттары жашаган райондорго барып көрүңүздөр. Эч жерде иштебеген, мыйзамсыз жүргөн кыргыз мигранттар көп.

“Өз агасын агалай албаган, өзгө улагасын сагалайт” деген ушул. Кафирлерден жалбарып алынган карыздар, каран түнгө кабылган мигранттар, алардын уюмдарына кирип кулдук кылуу…

Эгер бүткүл дүйнө мусулмандары Халифалык саясына бирикпесе, анда эле алардын Россия, Европа, Америка астаналарын сагалаганы сагалаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here