САУДИЯ ЖАНА ИЗРАИЛЬ КЕЛИШИМИ

261
0

Ар дайым бири-бирине душман экендигин билдирип келген эки мамлекет – Израиль менен Саудия жалпы душманга каршы келишим түзүшкөнү жөнүндө кабарлар жайылды. Британиянын “Санди Таймс” гезитинин жазышынча, Саудия королдугу жана яхудий мамлекети Ирандын ядролук программасына тиешелүү Женева сүйлөшүүлөрү натыйжа бербесе, Тегеранга каршы биргеликте чабуул кылуу үстүндө баш катырууда.

Женева сүйлөшүүлөрү натыйжа берген күндө да Израилдин назарында сүйлөшүүлөр күн тартибинде Ирандын ядролук программасын бүтүндөй жок кылуу маселеси ортого коюлбаган. Саудия королдугу да, яхудий мамлекети да “Тегеран ядролук куралдын үстүндө иштөөнү токтоткон жок” деген пикирде.

Саудия менен Иран ортосунда мурдатан карама-каршылык бар. Ал Ирандын региондогу күчтүү мамлекетке айланышын каалабайт. Ошондуктан, королдук Женева сүйлөшүүлөрүн алкыштабады. О.э. ал АКШнын Иранга карата жаза-чараларын кечиктиргендигине нааразы.

“Санди Таймс” гезитинин билдиришинче, Саудия Израиль самолёттору үчүн өзүнүн аба чегараларын ачып берген. “Саудиянын өзү да учкучсуз самолёттору аркылуу согушка катышуусу мүмкүн”, – деп айтылат макалада.

Бирок, Саудия тарабы Израиль менен ортосунда келишим болгондугун четке кагууда. Саудия тышкы иштер министрлигиндеги бир булактын билдиришинче, Британиянын “Санди Таймс” гезитинде келтирилген макала чындыкка дал келбейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here