Сирияда Асадга каршы согушуп жаткан Исламий жамааттар бир жерге чогулуп, Батыштын чабуулуна каршы билдирүү жасашты. Алардын билдиришинче, Батыш Сирия режимине сокку берүү шылтоосу менен Асадга каршы күрөшүп жаткан мужахиддерди бутага алууда. Мужахиддер Аллахтан башка эч кимге моюн сунбай тургандыктарын ачыкташты.
Алардын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
“Бисмиллахир рохманир рохим! Батыштын Сирияга аскерий аралашуусун четке кагабыз. Биз мужахид жамааттар жана Шам өлкөсүн коргоочу активдүү жамааттар, козголоңубузга каршы Батыш тарабынан уюштурулуучу бардык иштерге каршы экендигибизди жарыя кылабыз жана ар кандай аскерий аралашууну четке кагабыз. Бул чабуулду Исламий үммөткө жана мубарак Шам өлкөсүнө каратылган жаңы бир чабуул деп билебиз.
Оппозициялык кыймылдардын – ичкеридегилерден болобу, же тышкарыдагылардан болобу, айырмасыз, – кимиси Батыштын аскерий аралашуусуна шарт түзсө, алардан кол үзөбүз. Бардыгына эскерте кетебиз, Америка, Европа жана Россиянын Палестинада, Иракта, Афганистанда, Кавказда, Малиде, Чеченстанда жана башка Ислам өлкөлөрүндө ишке ашырган кылмыштарын унутпагыла. Ушунча иштерден кийин да мусулмандар душмандарынан жардам күтүп жаткандар, эч күмөнсүз, Аллахка, пайгамбарына, шейиттердин кандарына, бейкүнөө өлтүрүлгөн аялдарга, карыларга жана жаш балдарга кыянат кылган болушат. О.э. дагы бир айта кете турган нерсе, бул мамлекеттер, айрыкча Америка мусулмандарды массалык түрдө кыргын кылышы үчүн Асадга химиялык куралды колдонушуна жашыл чырак жагып берди. Алар ушундай көрүнүштө өздөрүнүн ар түрдүү чабуулдарына мыйзамдуу түс берүүнү пландаштырышты.
Биз болгон күчүбүз менен аларга каршылык көрсөтөбүз. Инша Аллах, алар чегинүүгө мажбур болушат. Тээ шейиттикке жетишкенге чейин күрөштү улантууга Аллахка убада беребиз, кааласа үстөм кылат, кааласа шейиттикке жеткирет. Аллахтан башкага моюн сунбайбыз жана Аллахтан башкасынан жардам сурабайбыз. Биз Аллахтын убадасына чын дилден ишенебиз.
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттарга, куду илгери өткөн заттарды халифа кылганы сыяктуу, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. алардын(абалын) кооп-коркунучтардан кийин тынчтык-бейпилдикке айландырып коюуну убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону(неъмат) кылса, демек алар фасыктар» [24:55]