МИСИРДЕ ДАГЫ КАН ТӨГҮҮЛӨР

340
0

Мисирде иш-аракет алып барып жаткан “жардам жана кутулуу” уюмунун жетекчиси Ахмад Ансорийдин сөздөрүнө таянып “Франция” маалымат агенттигинин кабар беришинче,   Мисир коопсуздук күчтөрү менен “Мусулман агайындар” жамаатынын тарапкечтери ортосунда жүз берген кагышууларда  51 адам өлүп, 268 адам жарадар болгон.

Ахмад Ансорий Каир жана Ажиззада жүз берген кагышууларда 46 адам, Мисир борборундагы Бан Шарифте 4 адам жана Алмания аймагында 1 адам өлгөндүгүн маалымдады.

Мисир коопсуздук күчтөрү ушул кагышуулардан кийин  423 адамды окуяга катышы бар деген негизде камакка алды.

Кабарларда айтылышынча, нааразылык акциясын уюштурган “Мусулман агайындар” жамаатынынын тарапкечтери Тахрир майданына өтүүгө аракет кылышкан. Коопсуздук күчтөрү болсо аларды таркатуу үчүн алгач көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Андан кийин чыныгы октор пайдаланылган. Күбөлөрдүн айтышынча, өлгөндөрдүн көпчүлүгү көкүрөгүнө жана башына тийген октон каза болгон.

Кагышуулар Мисирдин башка шаарларында да жүз берди. 7-октябрдын таӊында өлгөндөрдүн саны 53кө жеткени, 270тен ашык адам жарадар болгондугу тууралуу Мисирдин саламаттыкты сактоо министрлиги кабар таркатты.

Мындан мурда Мисирдин ички иштер министринин орунбасары  Сайид Шафик  “Мусулман агайындар” тарапкечтерине  эч бир жерде нааразылык  акцияларын жана пикеттерди өткөрүүгө урксат берилбестигин жарыя кылган болчу. Шафиктин айтышынча,  “Мусулман агайындар” жамаатына Мисир расмийлери тараптан тыюу салынган. Ошондуктан, бул топтун тарапкечтеринин акцияларды өткөрүүгө акысы жок.

“Эгерде “Мусулман агайындар”дын тарапкечтери министрликтин токтомуна каршы чыгышса,  аларга карата мыйзам негизинде чара көрүлөт”, – деп жарыя кылды Мисир ички иштер министринин орун басары.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here