Афганистан президенти Хамид Карзай НАТОну он жылдан ашык убакытта Афганистанга тынчтыкты алып келе албагандыкта айыптады.
Карзайдын айтышынча, аскерий иш-чараларга миллиарддаган долларлар жумшалып, НАТОнун миӊдеген аскерлери өлгөнүнө карабастан, эч кандай натыйжага жетишилбеген.
Ал Би-Би-Сиге берген интервьюсунда: “НАТО операциялары мамлекетте коопсуздук орното албады», – деди.
Карзай Би-Би-Синин: “Хелманддагы жеӊилүүлөргө кандай баа бересиз?” – деген суроосуна жооп берип: “Коопсуздук маселесинде, НАТОнун иш-чаралары Афганистанга көптөгөн кыйынчылыктарды алып келди. Көптөгөн адамдарды өлтүрдү, өтө көп кырсыктарга себеп болду. Бул аркылуу эч нерсеге жетишилбеди, анткени, Афганистан дагы эле коопсуз эмес. Жарым-жартылай коопсуз деген сөз мага жакпайт, анткени, бул биз каалаган коопсуздук эмес. Биз толук коопсуздук болушун жана террорго каршы анык эрежелери бар күрөштү каалайбыз”, деп баса белгиледи.
О.э. Карзай Талибан менен кызматташуу үчүн аракет кылып жаткандыгын маалымдады. Ал: “Алар да афган. Эгерде афган президенти афган өкмөтү Талибандын мүчөсүн өкмөттүк кызматка дайындай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, андай мүмкүнчүлүктөн пайдаланабыз. Эгерде афган калкы шайлоо аркылуу Талибанды өкмөттүк кызматка дайындай алса, Талибан келип шайлоолордо катышуусу керек. Аныгыраак айтсам, алар да афган болушкандан кийин, алардын афган өкмөтүнө кошулуусуна эшик ачык”, – деди.
Туркистон:
Карзайдын позициясы бираз белгисиз. Ал бир тараптан АКШга каршы Европа кызыкчылыктары бойлоп аракеттенсе, дагы бир тараптан Исламга каршы дүйнөлүк куфр системасынын кызыкчылыктарына кызмат кылат.
АКШнын акыркы жылдарда Талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болгон катуу аракеттери Карзайды ыңгайсыз абалда калтырды. АКШ Афганистанда Карзай менен бирге Талибанга каршы алып барган аскерий аракеттеринин акырында жеӊилгендигин толук моюнга алып өзүн четке тарта баштады. Карзайдын болсо, ал сыяктуу согуш майданынан качууга мүмкүнчүлүгү жок. Аны ээрчигендер болсо, ал тургай кырдаалга карай Карзай сыяктуу мамлекеттен качып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондуктан, Карзайдын позициясы, түпкүлүгүндө мына ушул бечара ээрчигендерди үмүттөндүрүү максатында жүргүзүлөт. Анткени, аларсыз Карзай эч ким эмес.
АКШнын кызыкчылыктары болсо барган сайын Карзайдын кичинекей максаттарынан алыстап бара жатат. Ошондуктан, ал эл аралык саясатта АКШ менен атаандаша ала турган мамлекеттер менен да кеӊеше баштады. Анткени, АКШ өз кызыкчылыктарын дүйнөлүк системанын коопсуздук маселесинен жогору коё баштады. Афганистан баткагынан чыгууда аны ушул баткакка батырган мамлекеттерге өчөшүп кескин аракеттер менен Борбор Азияны да согушка тартып болсо да өзү кутулууну т.а. бир нече кызыкчылыктар менен кутулууну көздөй баштады. Карзай ушуга каршы мамлекеттерден да пайдаланмакчы болот.
Бирок, ал дагы эле куфр системасына таянып иш алып барып жаткандыгы демократиялык шайлоолорду мамлекеттин келечегине байлап жатканынан көрүнөт. Анын НАТО жана АКШнын сөгүшү да, Талибан же Достум менен жакын алакаларды орнотууга болгон аракеттери да, түпкүлүгүндө АКШ башчылыгындагы коалициянын каталарын дүйнөнүн алдында өз мойнуна алып, Афганистанды бир нече бөлүктөргө бөлүп, бирөөсүн өзүнө алып калуу максатына каратылган. Бул үчүн ал калктын колдоосуна жетишүү керек. Калк болсо куфрдун ар кандай көрүнүштөрүнө нааразы. Ал ушул ишке ыраазы болгон күнү мойнун сыйыртмакка салганын эми тан алып жаткан болсо ажеп эмес. Анткени, учурда ал качайын десе качып да кете албайт. Ислам өлкөлөрү аны чыккынчы деп кабыл алышпаса, куфр өлкөлөрү итаатсыз кул дейт. Анын куфр алдында өз миссиясын акырына жеткирүүдөн, же каталарын моюнга алып Аллах жана мусулмандар алдында тообо кылуудан башка чарасы калбады. Калган малай акимдерди да жакынкы келечекте ушундай күн жана ушул жолдордун бирин тандоо күтүп жатат.
buy cheap generic lasuna – how to get himcolin without a prescription buy himcolin without a prescription
cost voveran – generic nimotop buy nimodipine tablets
buy baclofen 25mg pill – buy generic baclofen online order feldene 20mg for sale
buy meloxicam online cheap – maxalt 5mg canada order toradol pill
betnovate uk – betnovate for sale order generic benoquin
flagyl 400mg canada – cenforce sale cenforce 100mg cheap
progesterone 200mg ca – clomiphene 100mg us clomiphene canada
estrace cost – buy estrace 2mg sale cheap arimidex 1 mg