МИСИР МЕКЕМЕСИ ДОО АРЫЗЫНАН БАШ ТАРТТЫ

302
0

Мисирде “Мусулман агайындар” жамаатынын лидерлери үстүнөн соттук ишти баштаган мекеме мүчөлөрүнүн бул иштен баш тарткандыгы кабарланды.

Сотко караштуу булактардан алынган маалыматка ылайык, мекеме комитети “Мусулман агайындар” жамаатына жетекчилик кылып келген Мухаммад Бадиъ жана анын жардамчылары Хайрат-уш Шатир о.э. Рашид Бейюми баш болгон алты жетекчинин үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотууга тиешелүү чечим кабыл алган.

Доо арыздан баш тартуу чечимин үч судядан турган мекеме комитетинин атынан судя Мухаммад ал-Кармути ачыктады.

Мекеме комитети доо арыздарды угуу жыйынында ички иштер министрлиги тарабынан айыпталуучулардын коопсуздугу камсыздалбагандыгы себептүү ушундай чечим кабыл алынгандыгы айтылууда.

Мисир мыйзамдары боюнча, мекеме комитети доо арыз жараянына байланыштуу тоскоолдук жүз берген убакта себебин айтпастан туруп да доо арыздан баш тартышы мүмкүн.

“Мусулман агайындар” жамаатынын лидерлери 30-июнда “демонстранттарды өлтүрүүгө чакыруу” айыбы менен камакка алынган болчу. Бул доо арыз үчүн Каир апелляциялык сотунун жаӊы мекеме комитетин түзүшү күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here