30-октябрь күнү тогуз мамлекеттин элчилеринен ишеним грамотасын кабыл алуу иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев депутат Равшан Жээнбековдун “Ыссык-Көл областындагы Саруу айылынын тургундары өкмөт тарабынан куугунтукка алынып жатат” деген билдирүүсүнө комментарий берип өттү.
“Бүгүн парламентте депутат Равшан Жээнбеков өкмөттү Саруу айылынын тургундарына мыйзамсыз жана адамгерчиликсиз мамиледе болуп жаткандыкта айыптады. Мага белгилүү болгондой, анын өзү жакында ошол айылда болуп келген жана жергиликтүү элди “Кумтөр” ишканасына каршы акция өткөрүүгө чакырган. Бизди сындаган Равшан Жээнбеков Кумтөр боюнча 2003-жылдагы талаштуу келишим кабыл алынганда мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган. Ал бул документке өзү кол койбосо дагы, орун басары кол койгон. Жетекчинин макулдугусуз кол алдындагы адамдар мындай чечимдерге кол койбосун бардыгыбыз жакшы билебиз. Мамлекетти талап-тоногон бул адамдар өздөрү парламентте отуруп алышып,жаштарды мыйзамсыз иш-аракеттерге үндөп жатышат”, – деп айтты.
Атамбаев.
О.э. Кыргызстанда болуп жаткан митингдерге карабастан, инвестициялардын көлөмү 40 пайызга көбөйгөндүгүн “себеби, мурунку бийлик кулатылгандан кийин, негизги проблемалар аркада калганын инвесторлор түшүнүп жетишкендигин” да кошумча кылды.
“Бүгүнкү митингдер мамлекеттен уурдоо мүмкүн болгон мурунку өкмөттү кайрадан алып келүү үчүн мамлекеттеги кырдаалды изден чыгарууга болгон аракет болуп эсептелет”, – деди президент.
Туркистон:
Атамбаевди эмоцияга берилүүчү саясатчы деп сыпаттап келишет. Бул нерсе саясатчыны алсыз кылуучу жана көптөгөн каталарга дуушар кылышы мүмкүн болгон сыпаттардан болуп эсептелет.
Эгерде ар бир маселеге жогорудагыдай, адамдардын мурунку каталарын козгоо жолу жандашылса, Кыргызстанда бир да таза саясатчы калбастыгы анык. Себеби, ушундай таза эмес саясатчылардын башында болушунун өзү Атамбаевдин бийлиги алсыз экендигине далил болот.
Атамбаев: “Кумтөр маселеси, Манастагы базасы чыгарылып жаткандыктан, АКШ кээ бир саясатчыларыбызды материалдык жактан кызыктырып, өкмөткө каршы багыттайт. Бул дүйнөлүк саясаттагы кадимкидей эле бир көрүнүш. Бирок, бул Кыргызстандын кызыкчылыктарына тескери багытталат. Ошондуктан, ушул иштерден өзүӊөрдү тыюуга чакырамын”, – деп айта алса, айтышы керек болчу. Эгерде минтип айта албаса, сүйлөбөй эле коюшу керек болчу. Себеби, анын өзүнө койсо т.а. Россиянын басымы болбогондо, Ганси авиабазасы дагы көпкө чейин турат эле. Гансини чыгарып жиберүүнүн артынан Россиянын Канттагы авиабазасын кеӊейтүүдөн кандай макст көздөлгөн? Кыргызстандын кызыкчылыгыбы? Мындан кийин бул маселелер дагы көп жолу козголот.
Кыргызстан саясатчыларынын арасында – Хизбут-Тахрирден башка – Кыргызстандын чыныгы кызыкчылыктары негизинде пикирлей ала турган бир да саясатчы калбады. Себеби, мындай пикирлөө, пикирий пайдубалга т.а. идеологияга муктаж болот. Кыргызстанда болсо башаламандык идеологиясы өкүм сүрөт. Демократия болсо, бизди кудум мойнунан байланган ит сыяктуу, ар түрдүү басымдар аркылуу жана жугундуларды берип карыз кылуу менен мажбурлап келет. Мындай чөйрөдөн канткенде идеология үчүн жан берүүнү күтүүгө болсун.