Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШлык кесиптеши менен жакын арада жолугушууга келишип алгандыгын жарыя кылып, Москва Сирия өкмөтүн каршылык кыйымылы менен биригип Сириядагы Исламий топторго каршы күрөшүүгө чакыра тургандыгын билдирди.
Тышкы иштер министринин айтымында, Сирия өкмөтү муътадил каршылык кыймылы менен биригип, Исламий кыймылдарга каршы күрөштү башташы керек. Ал үчүн Женева конференциясын күтүп отуруунун да кереги жок. Себеби, алар Сириядагы эле эмес, тескерисинче, бүтүндөй региондогу башкарууну өзгөртүүгө аракет кылышууда.
Ал: “Сирияда биринчи аткарыла турган иш – Асадды бийликтен кулатуу эмес, тескерисинче Исламий күчтөргө каршы күрөшүү”, – деп баса белгиледи.
Дамасктын эч кандай шарттарсыз Женева сүйлөшүүлөрүнө даяр экендиги мактоого татыктуу экендигин айткан Лавров, “каршылык кыймылынан да ушундай позицияга жетишүү үчүн аракет кылып жатабыз” деди.
Сергей Лавровдун баса белгилешинче, эгерде каршылык кыймылынын сабынан Женева конференциясы үчүн элчилик уюштуруунун мүмкүнчүлүгү болбосо башка элчилик жөнүндө изденүү керек болот. Ал: “Эгерде америкалык досторубуз каршылык кыймылы тараптан бир элчиликти уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса муну алкыштайбыз. Эгерде мындай элчиликти уюштуруунун мүмкүнчүлүгү болбосо Сирия калкынан өкүл боло турган башка бир форма тууралуу изденүү керек болот”, – деди.