КЫРГЫЗСТАН ПРОБЛЕМАСЫ ЭМНЕДЕ?

451
0

Туркистон: 

Кыргызстандагы саясий жараян жана абалдарды туура түшүнүү үчүн, эл аралык саясатты жана эл аралык саясатка таасирин тийгизүүчү мамлекеттердин саясаттарын туура түшүнүү керек. Негизи, Кыргызстандагы бийлик менен оппозициянын саясий күрөштөрү тышкы таасирдүү мамлекеттердин өз ара күрөшүнө барып такалат. Себеби, алардын Кыргызстан ичкерисиндеги кызыкчылыктары бири-бирине тескери келет. Ал тургай, мамлекеттик структуралар менен күч органдары бийлик жана оппозиция тарапкечтери болуп бөлүнүп алышкан.

УКМК тарабынан келтирилип жаткан терроризмге каршы алып барылып жаткан иштер, алардын айтуусу боюнча, “коопсуздукту камсыздоо үчүн кылынган иш-чаралар” деп айтылганы менен, түпкүлүгүндө, аларды өздөрү бирер материалдык же саясий кызыкчылыкты көздөп ишке ашырышат. Мындан бир аз мурда, бийлик “Кумтөр маселесинде оппозиция Хизбут-Тахрир менен кызматташат” деп, чар тарапка жар салды. Максаты оппозициянын нааразылык акцияларын убактылуу болсо да токтотуп туруу болчу.

Кезектеги себептердин дагы бири, куфр тарабынан берилүүчү акчалардын көлөмүн көбөйтүү болчу. ОБСЕ менен уюштурулган жыйында буга күбө болдук. Башкасын кой, а түгүл, өзүн саясий эксперт эсептеген Кадыр Маликов да куфрдан садака алуу үмүтүндө Хизбут-Тахрирге каршы жабыштырылып жаткан жалган жалаадан пайдаланды.

Өзү Кыргызстандын чыныгы проблемасы мына ушул жерде: саясатчыларды, мамлекет жетекчилерин жана күч түзүмү кызматкерлерин арзыбаган акчага сатып алууга болот. Жетекчилердин АКШ кызыкчылыктарына каршы барып алышып, эми ага катуу өкүнүп жаткандыктарынын себеби да ушунда. АКШ акча менен кыргыз жетекчилерин каалагандай көрүнүштө бири-бирине каршы багыттап коюшу мүмкүн, Бирок, Хизбут-Тахрирди эмес.

Биздин кубатыбыз да, алардын алсыздыктары да ушунда. Аларды коркутуп жаткан акыйкат мындай: Хизбут-Тахрир Кыргызстанда жападан-жалгыз чыныгы жетекчи топко айланып бара жатат. Ага жалган жалааларды жабыштырышса, калк буга ишенбеди, аны экстремист десе, калк аны өз боорунан түртүп жибербеди. Булардын баары – Кыргызстан-Хизбут-Тахрир исламий жамааты, өз атына кир жугузбаган абалда, өзү белгилеген табигый жолунда, куфрдун айла-амалдарынан сактанып, башкаларды болсо андан эскертип        келиши сыяктуу – туура саясий иштерди жолго коюп келе жаткандыгынын натыйжасы болду. Ушул аракеттер алардын эл арасындагы азыркы деңгээлине жетишүүсүнө негиз болду.

Демократиялык партиялардын бири да мындай деңгээлге жетише албады. Алардын бардыгына калк тарабынан эч кандай ишеним калбаган. Алар уюштуруп жаткан митинг же жыйындар акча же башка бир материалдык кызыкчылыктар акысына уюштурулат. Мындай абал алардын өздөрүн да тынчсыздандыра баштады. Бул идеологиялык боштук деп аталат. Мында курмандык берүүчүлөр таңкыстыгы байкалат, ал тургай андайлар жок болот. Анткени, курмандык берүүлөр бирер бир идеологиянын негизинде болот. Ал эми идеологияга келсек, өзүнө чакыруучу идеология Кыргызстанда эле эмес, Орто Азия мамлекеттеринин биринде да жок.

Кыргызстанды ушул абалынан алып чыгып кетүү мүмкүнбү?

Алып чыгып кетүү мүмкүн, бирок, бир өзүн жалгыз абалда эмес. Анын проблемалары эл аралык саясатка байланыштуу болгондой эле, проблеманын чечими да эл аралык саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу. Анткени, Кыргызстандын өзүндө дээрлик проблема жок. Эгер аны куфр чоӊдору өз абалына таштап коюшканда барбы, такыр проблема калбайт болчу. Бирок, куфр башчылары Кыргызстанды эч качан өз абалына таштап койбойт. Муну билген Хизбут-Тахрир, дүйнө боюнча, өз иш-аракетин мусулмандарды мына ошол куфрдун таасиринен Ислам аркылуу куткарууга каратты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here