ӨЗБЕКСТАНДА ДАГЫ БИР ХИЗБУТ-ТАХРИР МҮЧӨСҮНҮН МУБАРАК ДЕНЕСИ ӨЗБЕКСТАН КОНЦЛАГЕРЛЕРИНЕН ҮЙҮНӨ АЛЫП КЕЛИНДИ!

319
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ 

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُم مُّصِيبَةٌ قَالُواْ إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّـا إِلَيْهِ رَاجِعون

 – “Бирер мусибат келгенде: «Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз», деп айткан сабыр кылуучуларга кушкабар бергин (эй Мухаммад  [ 2;156 ]

Нигманов Каримжан Рустамович 1975-жылы Ташкент областынын Занги-Ата районунда туулган. Бул боордошубуз мурун милиция кызматкери болуп иштеген. Өзбекстандагы батыл түзүмгө жана куфр малайлары болгон Каримов менен анын канкор режимине каршы күрөшүп жаткан Өзбекстандагы Хизбут-Тахрир анын көңүлүн өзүнө бурду. Ал Хизб даъватына “лаббей” деп жооп берип, өз ишин таштады жана Аллахтын ыраазылыгы жолунда, Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий турмушту кайрадан баштоо жолунда Хизбге мүчө болду.

Ал 1999-жылы соттолуп, бирок мөөнөтү аяктай элегинде азаттыкка чыккан эле. Кийин кайрадан 2000-жылы хизбий аракеттерди алып барып жаткан чагында камакка алынып, 10 жылга кесилген болчу. 2010-жылы жаза мөөнөтү аяктаса да, коркок режим ал боордошубузга 5 жыл жаңы жаза мөөнөтүн кошуп, “раскрутка” кылган. Боордошубуз Каримжан өз дининде бекем турду. Бузук режим канчалык кыйноого салып “кечирим суроо кагазын” жаздырууга аракет кылбасын, бир тууганыбыз алардын баарын четке каккан. Боордошубузга 64/36 камагында туберкулёз оорусу жасалма жол менен атайын жуктурулган. Каримжан өтө оор абалда болуп, кан түкүрүп оорусу күчөсө да, дарыланууга уруксат берилбеген. Ошентип, ушул сентябрь айында анын мубарак жасаты Ташкенттеги УЯ/18 “ Сангород”дон  үйүнө алып келинген. Сөөктү үйгө алып келиши менен эле УККнын (улуттук коопсуздук кызматынын) кызматкерлери, көчө комитеттери менен биргеликте  кылмышкер режимдин канкорлугу жарыя болуп кетпесин үчүн, ал тургай мусулмандардын жаназага чогулушуна жол койбостон, тездик менен көмдүрүп жиберишкен. Бул коркоктор, ал тургай, биздин боордошторубуздун өлүгүнөн да катуу коркушат. Боордошубуз Нигманов Каримжандын балагатка жетпеген 2 уулу жана 1 кызы бар эле. Алар эми канкор режим өлтүрүп жиберген  жүздөгөн боордошторубуздун балдары сыяктуу эле, жетим калышты.

 وَلاَ تَقُولُواْ لِمَنْ يُقْتَلُ فِي سَبيلِ اللّهِ أَمْوَاتٌ بَلْ أَحْيَاء وَلَكِن لاَّ تَشْعُرُونَ

 – “Алла жолундагы согушта өлтүрүлгөн заттарды эч качан өлүктөр деп ойлобогула! Жок, алар тирүү, бирок, силер сезбейсиңер”

 [2;154]

Салахиддинов Али

Хизбут-Тахрирдин Өзбекстандагы расмий сүйлөөчүсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here