КАЗАКСТАНДА ИСЛАМАФОБИЯ

320
0

Казакстан терроризм жаатында жаза жоопкерчилигин күчөтүүнү пландаштырууда.

Казакстандын Ички иштер министринин орун басары: “Кылмыш кодексинин жаӊы редакциясы экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө, радикалдык иеологияны жайылтууга, алардын ичинен жаӊы технологияларды пайдалануу менен жайылтууга жаза жоопкерчилигин күчөтөт”, – деп билдирди.

О.э. ал дагы минтип кошумчалады: “Терроризм” же “экстремизмге” ачык үгүттөгөндүгү же террордук актыга чакыргандыгы үчүн мурункудай  16 жаштан эмес 14 жаштан баштап жоопкерчиликке тартылат. О.э. мыйзамдын жаӊы долбоорунда “террористтик” же “экстремисттик” ишмердүүлүктү каржы менен камсыздоо же башка жолдор менен көмөктөшүү боюнча берене толук иштеп чыгылды.

Анын айтымында, диний ишмердүүлүк жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузуу кылмыш болуп эсептелет.

Туркистон:

Казакстан бийлиги Исламга каршы күрөшүнө актоо таба албай, шылтоо тапты. Ал эми мусулмандарды жаза мыйзамдары менен коркутмакчы болуп жатат. Бул мыйзамдар боюнча, мусулманчылыкты кармануунун ар бир көрүнүшү, а түгүл, мусулмандардын интернеттеги нааразылыгы да экстремизмге байланыштырылып айыпталат.

Казакстан калкы өлкөдө бир гана террорду билет. Ал “терроризмге каршы күрөш” шылтоосу менен атайын кызматтардын мусулмандарды жоопкерчиликсиз өлтүрүшү жана мусулмандарга өз позициясын түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышы. Казакстанда мындан башка террор жок. Акыркы убактарда Назарбаевдин мусулмандарды репрессия кылышы социалдык тармактар аркылуу бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон.

Бир эле мисал, үч перзенттин энеси болгон Наталья Войтенкова калыс мусулман жубайынын укугу үчүн күрөшүп жатып, кайра өзү Казакстан режими зулумунун курмандыгына айланды. Залим бийлик аны 5 жылдык камак жазасына кириптер кылды. Бул окуя бүткүл дүйнө интернет пайдалануучулары тарабынан караланып, алар тарабынан залим Назарбаевге наалаттар жаадырылды. Алар каршылык акцияларын уюштуруп, жазыксыз жазаланган муслима Натальяны боштондукка чыгарууну таалап кылышууда.

Ал эми жогорудагыдай мыйзамдарды катуулатуу Назарбаев режимине каршы нааразылыктарды дагы да күчөтүп, бул өз кезегинде ушул саткын бийликке дүйнө кордугун жана акырет азабын алып келери анык.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here