БРАХИМИ: АСАДДЫ БИЙЛИКТЕН ТҮШҮРҮҮ КЫЙЫН БОЛОТ

253
0

БУУ жана Араб Мамлекеттери Лигасынын атайын чабарманы Лахдар Брахиминин айтымында, Сирия президенти Башар Асад жаңы Сирияны курууда салымын кошуусу мүмкүн.

Сирияга ортомчулук кылуу милдети менен келген Брахими маалымат каражаттарына берген интервьюсунда, “атасынан (Хофиз Асаддан) ага мураска калган режимден жаңы республикага өтүү жараянындагы Асаддын ролу” тууралуу айтып жаткандыгын түшүндүрүп өттү.

Брахиминин айтымында, Россия жана Америка ортосундагы химиялык куралдарды жок кылуу туурасындагы келишим Асаддын тарапкечтери позициясын бир топко бекемдеген.

“Сирия президентин бийликтен түшүрүү өтө кыйын, ал өзүнүн актыгына жана кризистен чыгып кетүүгө күмөн санабайт… Анын айланасындагылар 2014-жылы болуп өтүүчү президенттик шайлоодо Асаддын талапкерлигин коюуну колдоп жатышат. Бирок, тарых бизге үйрөткөндөй, мындай кризистен кийин артка кайтуунун мүмкүнчүлүгү жок”, – деди Брахими.

О.э. кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн өтүүчү “Женева-2” конференциясына катышуу үчүн “таасирдүү делегация” түзүүгө Сирия оппозициясын көндүрө алууга үмүттөнө тургандыгын билдирди.

“Женевада болуучу жыйын бардыгын өзүнө тартышы кыйын, а бирок, бул саясий жараяндын башталышы гана болуп, биз аракет кыла берсек ага бардык фракциялар кошулат деген үмүттөмүн”, – деп билдирди Лахдар Брахими.

Лахдар Брахими 29-октябрь күнү Сирия Тышкы иштер министри Валид Муаллим жана Улуттук ылайыкташтыруучу комитеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү алып барды.

Туркистон:

Брахими куфрдун чоӊ мамлекеттерине мусулмандарды моюн сундуруп берүүдө, бир нече ийгиликтүү кадамдары менен белгилүү болгон адам. Алжир жана Ливандагы граждандык согуштарды куфрдун кызыкчылыгын көздөй бурууда өзүн көрсөтүп, 1993-жылдан баштап саясий ишмердүүлүгүн БУУда улантты. 11-сентябрдан кийин Афганистанда БУУнун атайын миссиясын башкарып, 2004-жылы Иракка БУУнун баш катчысынын атайын тапшырмасы менен жиберилип, убактылуу өкмөт түзүүдө чоӊ салым кошкон.

Брахими жаӊжалдуу абалдарды өзгөртүү боюнча адис адам деп таанылган. Куфр дүйнөсү анын Сирияны да өзгөртүшүнөн үмүттөнгөн. Бирок, анын жогорудагы “Асаддан башка бир да жамааттан үмүт калбады” деген маанидеги баянаты абдан туура. Жүздөгөн жамааттар исламийлешип, бир байрак астында жеӊиш бир гана Ислам мамлекети менен бирге келет деген пикирдин айланасында биригип, куфр тарабынан берилүүчү ар кандай жардамды четке кагууга убадалашты. Бул болсо, Брахимилерди четке кагуу болду. Ошондон кийин Брахими “Асад режиминен башка куфр кызыкчылыгын Сириядан таба албадым” деп айтып, мусулмандарды куфр тарапка азгыра алышынан үмүтүн үздү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here