КҮРДИСТАН ЖУМУШЧУЛАР ПАРТИЯСЫ КАТУУ СОККУГА ДУУШАР БОЛДУ

519
0

Асад режими көптөгөн жылдар бою күрд калкына жарандык бербей келген жана Сирия Күрдистанында репрессиялык саясат алып барган. Эми болсо Күрдистан жумушчулар партиясы Асад режими менен тил бириктирип, Сириядагы мужахиддерге каршы согушка кирди. Бирок, ал чоӊ жоготууларга дуушар болду, согушта жүздөгөн күрд согушкерлери өлтүрүлдү.

Күрдистан жумушчулар партиясы Күрдистан калкын ахлакий бузуктукка жетектеп жатканы айтылып жүрөт. Ушундан улам бул партия күрд жаштарынын каршылыгына да дуушар болууда. Жаштар мужахиддер тарабында туруп, партияга каршы согушууда. Күрд жаштарынан түзүлгөн Күрд Ислам фронту жана Салахиддин Айюбий сыяктуу отряддар Жабхатун-Нусра жамааты менен биргелешип, Күрдистан калкын динсиздештирүү долбоору менен таанылган жана Асад башкаруусу астында болгон Күрдистан жумушчулар партиясына каршы согуш алып барууда.

Сирия оппозициясы менен түзүлгөн келишимин бузуп, Асад режими менен союз түзгөн Күрдистан жумушчулар партиясы согушта өтө жогорку жөндөмгө ээ болгон жамаат менен кагылышты. Натыйжада, согуштан бели сынып чыккан партия – өзүнүн союздашы Асаддын жолун карманып – куралсыз тынч жарандарга чабуул кылгандыгы, региондогу исламий уюмдарды жана мечиттерди ойрон кылгандыгы, диндар адамдарды өлтүргөндүгү кабарланууда.

Жабхатун-Нусра менен болгон кагылышууда өлгөндөрдүн арасында 15 жылдан бери партияны башкарып келе жаткан лидерлер бар болгону жана мындан кийин партия жетекчилеринин коркууга түшүп калгандыгы айтылууда.

Күрдистан жумушчулар партиясынын лидерлери өткөн күндөрдө артка чегингендигин, согушууну каалабагандыктарын айтышкан эле. Бирок, Жабхатун-Нусра жамааты менен согушууга аны АКШ мажбур кылгандыгы айтылууда. Жакынкы күндөрдө партиянын Сириядагы лидери Солих Муслимдин АКШга барышы кабарланууда.

Туркистон:

Жогорудагыдай сыноолор өтө көптөгөн калктардын жана исламий партиялардын чыныгы жүзүн ачып таштады.

Хизбуллах жамааты Асад тарапта туруп, эӊ ыпылас жана жырткыч иштерди ишке ашыргандыгы ачылды, кээ бир бир исламий, улутчул же мекенчил партия жана жамааттар да Асад тарабында экендигин жарыя кылышты.  Кээ бирлери коалициялык оппозицияга кошулуп, согуштан өзүн тыйып, бирер тараптын жеӊишке жетишин же кожоюндарынын кезектеги буйругун күтүп отурушат.

Бул табигый жана тарыхий т.а. тарыйкатка ылайык жараян болуп, акыйкат менен батылдын ортосу ажыраганга чейин басып өтүшүбүз анык болгон жараян болуп эсептелет.  Ар бир адамга же жамаатка ушул тандоо мүмкүнчүлүгү  берилет. Аллах ушундай жол менен Ислам кайтып келе турган коомду тазалайт. Андагы жасалма элементтерди чыныгы жетекчилерге алмаштырат. Бул Аллахтын бизди сыноо тарыйкатыдыр.

Күрд улуту болсо, акыркы жылдарда улутчул жана башка туура эмес жамааттар тарабынан көп адаштырылды. Бирок, алардын азиздиги да биздики сыяктуу эле, Исламдын кайтып келиши менен болот. Ага чейин алар да өздөрүнүн арасындагы чыккынчылар тарабынан адаштырылышат. Ыймандуулар тарабынан болсо, акыйкатка чакырылышат. Пайгамбарыбыз САВ “ Ислам албетте ар бир үйгө кирип барат, корду кор, азизди азиз кыла” деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here